Апендинин куржуну

Апенди ийнине куржун артып алып, жол жүрүп баратса, куржунунун арткы көзү бош, алдыңкы көзү жүгүнүн оордугунан төмөн салаңдап, жер чийип баратыптыр. Аны көргөндөр Апендиден: - Эмне үчүн куржунуңдун астыңкы көзү оор да, арткы көзү жеңил? - деп сурашат. Апенди ага минтип жооп берген экен: - Куржунумдун астыңкы көзүнө мен адамдардын күнөөсүн салып келем, ошол себептен ал оор, анткени, адамдардын күнөөсү көп. Арткы көзүнө өз күнөөмдү салам. Ал жеңил, анткени, менде эч кандай күнөө жок.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)