Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Апендинин кеңеши

Бир киши жалгыз уулун үйлөнтмөкчү болот. - Макул, үйлөнсө үйлөнөйүн, - дейт уулу. - Мен билгенден биздин айылда күйөөгө тийе элек бир кыз, бир жесир аял, анан дагы бир эрден чыккан кысыр катын бар. Ушул үчөөнүн башы бош, кимисин алганым оң? - Ант-минт деп, балээңе кала албайм, балам, - дейт атасы. - Шаарда менин бир досум бар, ошого барып, акыл сурап кел. Жигит шаарга барып, аяш атасына иштин жайын түшүндүрсө, аяш атасы: - Кандай дешке менин да акылым жетпей турат, - дейт. - Ушунда бир Апенди деген келесоо бар, ошону издеп тап. Туура бир акыл чыкса, ошондон гана чыгышы мүмкүн. Жигит шаардан Апендини издебеген жери калбайт. Акыры таппай суй жыгылып чарчап келатса, бир жоон топ бала эшек-секирмей ойноп аткан экен, жакын барып, биринен Апендинин дайнын сурайт.

- Апенди менмин, - дейт алиги бала. Чоң киши деп издеген бала экенин көргөндө, жигит ичинен шаабайы сууй түшөт, бирок болору болду деп, келгендеги максатын айтат. Анда бала мындайча жооп бериптир: - Күйөөгө тийе элек кыз алсаң - сенин жолуң, жесир аял алсаң - анын жолу, - деп. - Анда күйөөдөн чыккан аялды алсам кантет? - десе, Апенди эч сөз айтпастан жигитти шапалак менен бутка оролто бир салат да эшек секирмейин ойногону теңтуштарына жүгүрүп кетет. Жигит ындыны өчүп, аяш атасына капалуу келет да: - Атам мени атайы сизге жиберсе, сиз мени капкайдагы балага жумшап! Кеп-кеңешти мен сары ооз балапандан эмес, сизден сурап келбедим беле!

- деп, таарынч кылат. Анан ыза болуп отуруп, Апендинин жообун төкпөй-чачпай айтып берет. - Анткен менен Апенди сага жакшы акыл айтыптыр, - дейт аяш атасы. - Кыз алсаң, баарына өзүң ээ, үйдү да, жайды да өзүң башкарасың дептир. Жесирге үйлөнсөң, өзүңдү ага башкартып каласың дептир. Ал эми шапалак менен бутка чапканы, эрден чыккан аялдан жаа бою кач дегени.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)