Апендинин айылга молдо болгону

Коңшулаш айылдан өкүлдөр келип, Апендини айылыбызга молдо болуп бер деп суранышат. Апенди бааланып отурбай дароо макул дейт да чакырган айылга көчүп барып, молдолугуна киришет. Бир күнү намаздан кийин Апендини айылдагылар тегеректеп алып, кызык нерсе айтып берсең деп өтүнүшөт. - Эмне айтаарымды билесиңерби? - деп, Апенди алардан сураса, алар бир ооздон: - Жок, билбейбиз! - деп чуркурайт.

- Билбесеңер, силердей келесоого эчтеме айтпайм - деп, Апенди үйүнө басып кетет. Эртеси айылдагылар дагы чогулуп, Апендини бирдеме айтып бер деп, дагы кетирбей туруп алышат. - А силер менин эмне айтаарымды билесиңерби? - дейт Апенди бүгүн да кечээ күнкү суроосун сурап. - Билебиз, билебиз - деп, беркилер чуу кыйкырат. - Билсеңер, айтып кереги жок. Үчүнчү күнү да айылдыктар Апендини бирдеме айт деп кыйнашат. - Менин эмне айтаарымды билесиңерби силер? - дейт Апенди.

- Жарымыбыз билебиз, жарымыбыз - жок! - деп, айылдыктар амалдангысы келет. - Анда билгениңер билбегендериңерге айтып бергиле - деп, баарынын көңулүн жай кылып, басып кеткен экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)