Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Апенди менен шайтан

Апенди эч жанга алданбайт дегенди угуп, шайтан «аны мен жайлайм» деп келет. - Мага атаандашканды сага ким коюптур! - дейт Апенди шайтанга. - Сени иттин уулу Байбарак деле сызга отургузуп кетет. Мелдешесиңби, мен сени акактаткан тейден алыстагы сууга дейре ээрчитип барып, бирок бир тамчы суу ичирбей кайра ээрчитип келем? Шайтан макул болуп, экөө сууну карай жөнөйт. Жүрүп отуруп, жээкке жеткен кезде, Апенди шайтанга кайрылат: - Баса, күбө кана?

- деп. - Кандай күбө? - дейт шайтан. - Күбөдөйле күбө. Сен айтсаң, суу ичтим деп, мен айтсам, ичиргеним жок деп. Күбө жок, экөөбүзгө ким ишенет? - дейт Апенди. - Анда күбө ээрчитип келели, - дейт шайтан. Экөө ээрчишип алып, кайра келет. - Сууга жеттик беле? - дейт Апенди шайтан экөө айылга кайта келгенде.

- Ооба, жеткенбиз - деп, жооп берет шайтан. - Жуттуңбу суудан? - Жок...- деп, шайтан оозун жыйып алгыча болбой, Апенди: - А-аа, айттым беле, алыңа ченеп этият жүр деп, - деген экен. Шайтан жеңилгенин мойнуна алып, желкесин кашып тим болуптур.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)