Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Апенди менен ашпоз

Апенди бир жактан келатса, жамгыр жаап жиберет. Жаандан корголоп, ашканага кире калат. Ашкананын ичи шишкебек жыттанып, жылуу болчу. Жаан басылганда, Апенди сыртка жөнөйт. Ашпоз анын алдын тороп тура калат: - Акча төлө, болбосо кетирбейм! - Эмнеге төлөмөк элем?!

- дейт Апенди таңыркап. - Аңкорлонбо, - дейт ашпоз. - Тамактын жытын жыттадыңбы? - Жыттадым, бирок тамагыңды көргөн да, жеген да жокмун! - Муну кара, шишкебектин жытын бекер жыттап кете бергиси бар! - деп, ашпоз кычырайт.

Тигинин айтканынан кайтпасына көзү жеткен Апенди мындай дейт: - Болуптур, төлөсө төлөйүн, бирок үйдөн акча апкелгенче коколобой коё бер. Апенди үйүнө барып, акча апкелет. Ашпоз аны күтүп, араң эле отурган экен: - Апкелдиңби? - деп, сураганча шашат. - Апкелдим - деп, Апенди колун чөнтөгүнө салат да, тыйындарын шылдыратып коёт. - И, угуп атасыңбы? - Угуп жатам. - Эмнени? - дейт Апенди жымыйып.

- Тыйындын шылдыраганын - деп, жооп берет ашпоз. - Эмесе, ошого ыраазы бол. Мен жана сенин шишкебегиңдин жытын жыттасам, сен эми менин тыйындарымдын шылдыраганын уктуң. Аласа-бересебиз жок, кутулуштук - деп, Апенди чыгып кеткен экен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)