Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Апас Бакиров

Бакиров Апас (12.2.1935-ж. т., Жумгал району, Түгөл-Сай айылы) — геолог, минерология илимдеринин доктору (1975), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1997, корреспондент мүчө, 1984), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).
1957-ж. Бишкек политехникалык институтунун тоо кен-геология факультетин бүткөн.
1957-жылдан Кыргызстан ИАнын геология институтунун кенже, 1969-жылдан улук илимий кызматкери, лаборатория башчысы, 1988- жылдан ошол институттун директору.
Heгизги эмгектери Теңир-Тоонун аймактык геологиясына, өзгөчө эң байыркы күчтүү өзгөрүүлөргө учураган тоо катмарларынын өзгөчөлүктөрүнө арналган. Көптөгөн катмарлардын жашын аныктаган, жер кыртышынын тектоникалык түзүлүшүнө, өнүгүш тарыхына жаңы көз караштарды киргизген. Борбордук Азия аймагындагы тоо тектердин метаморфизмин (физикалык жана химиялык жактан өзгөрүлүшүн) изилдеп, биринчилерден болуп метаморфизм менен тектоника кубулуштарынын байланышын аныктаган. Мурун Борбордук Азияда белгисиз болгон сейрек учурай турган минералдарды таап, метаморфизмдин жаңы типтерин бөлгөн. Метаморфизм комплекстеринин металло-гениялык картасын түзүп, аларда учурай турган пайдалуу кендердин прогнозун берген. Ысык-Көл облусундагы үч-Кошкон калай кенин ачкандардын бири, Талас өрөөнүндөгү Бала-Чычкан жана Кичи-Кайыңды ванадийлүү титан-магнетит кендерин негиздеген.
Бакиров 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография, Теөңир-Тоону, Памирди, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарын камтыган 10дон ашык ар түрдүү геологиялык карталардын) автору. "Кенди биринчи изилдегич" , (СССР) төш белгисинин ээси.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)