Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Апарысыяп

Апарысыяп, Афрасиаб, Афарисиаб, Афарысыйаб, Апарысыяп — иран жана түрк элдеринин фольклорундагы кеңири белгилүү каарман Афарсиабдын ысымынын кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлүгүнө ылайык өзгөртүлүп айтылышы. «Манас» эпосунда кездешип түрктөрдүн байыркы бабасы катары айтылат. Афрасиабдын образы алгач иран элдеринин мифологиясында пайда болуп, андан түрк элдеринин фольклоруна өткөн. Бул образ узак убак өсүп-өнүгүүнүн натыйжасында түрктөшүп кеткени жана ошондой кылымдарда өзүнүн уламыштык мифтик сапаттарын жоготуп, Караханийлер мамлекетинин башкаруучуларынын бабасы катары айтылып калганы маалым. «Апарысыяп» ысымынын «Манас» эпосуна кирип калышы, биринчиден, бул ысымдын ошондой кылымдан бери карай түрк элдеринин чыгармачылыгында кеңири белгилүү экендигине байланыштуу болсо, экинчиден, Сагымбай Орозбак уулунун Фирдоусинин «Шах-намэ» жана Хива каны Абулгазынын (1603—64) «Шаджара-и-түрки» аттуу чыгармалары менен тааныштыгы себепчи болгон. Анткени, Афрасиабдын образы бул чыгармаларда кеңири орун алган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)