Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аңчылык

Аңчылык – кыргыздардын салттуу чарбачылыгынын бир багыты. Аңчылык жапайы жаныбарлардын этин, терисин, баалуу мүйүзүн жана башкаларын алуу максатында уюштурулган. Атайы кесипчиликтин түрү болуп, мал чарбачылыкка, дыйканчылыкка кошумча мүнөзгө ээ болгон. Кыргыздарда аңчылыктын капкан, тузак салуу, мүлүшкөрлүк, мергенчилик, тайган агытуу, бүркүт салуу деген түрлөрү болгон. Аңчылык объектилерине жапайы эчки, теке (жалпы жонунан кийиктер) илбээсин, түлкү, карышкыр, майда жандыктар, канаттуулар (улар, тоодак, кекилик, кыргоол жана башка) кирген. Жаныбардын түрүнө карата аңчылыктын тосуу, өңүү, айдоо, из куу, сонорлоо сыяктуу ыкмалары болгон. Кыргыздарда аңчылыкты жүргүзүүнүн 2 түрү болгон: топ менен жүргүзүү жана жалгыз чыгуу. Топ менен аңчылыкты кийиктерге, жырткыч айбанаттарга жүргүзүшкөн. Аңчылыкка тиешелүү куралдар болгон. Ыңгайына жараша жаа, мылтык, тутма кылтак, капкан, тор, тузак жана башка колдонушкан. Мылтыктар сайсыз болуп, милте менен атылган. Бүркүт, куштар менен аңчылык кылуу кеңири тараган.

Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети"
"Башкы ред. ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов"
Ред. кеңеш: Ө. Ж Осмонов (төрага), Т. Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А. Жуманалиев ж. б."

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)