Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Анжиян (шаар)

Анжиян (шаар) - Өзбекстандагы шаар, Анжиян облусунун административдик борбору. Фергана өрөөнүнүн чыгышында жайгашкан. Калкы 362,6 миң (2003). Темир жол түйүнү. Аэропорт бар. 9-кылымдан Андукан деген ат менен белгилүү болуп, Саманид, Караханид, Монгол Тимурид, Бухара жана Кокон хандыктарынын курамына, 1876-жылы Россия империясынын курамына кирген. 1898-жылы Анжиян көтөрүлүшүнүн башкы борбору болгон. Өзбекстандагы маанилүү өнөр жай борбору. Машина куруу (электртехника, ирригация жабдуулары), жеңил (кебез-кездеме, бут кийим, трикотаж, тигүү), тамак-аш-татымал өнөр жайы, гидролиз жана 2 пахта заводу бар. Төрт ЖОЖ, тарыхый-крайтаануу музейи, медресе, Жами минарети (19-кылымдын аягы), музыкалык-драма (1919), «Лола» куурчак жана Жаштар театры иштейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)