Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Антимилитаризм

Антимилитаризм (гр. anti - каршы, militaris – согуш) – улуттук, регионалдык, дүйнөлүк масштабда, мамлекеттердин ортосундагы ички жана тышкы карама-каршылыктарды чечүүдө зордук-зомбулук жоболорун колдонууга каршы идеянын тегерегинде бириккен ар түрдүү социалдык күчтөрдүн саясий кыймылы. Э. Роттердамский өзүнүн «Жалобы мира» трактатында, И. Кант «О вечном мире» трактатында согуш жана милитаризмди ашкерелешкен. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде, өзгөчө «кансыз согуштун аякташы» менен антимилитаризм күч алып, жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болду. СССРдин жоюлушу, социалисттик жана капиталисттик согуш системаларынын атаандаштыгы, жарыша куралдануусу токтогондон баштап, дүйнөлүк масштабда согушту болтурбай коюу аракети күч алып, антимилитаризмдин өнүгүшүнүн жаңы этабы башталды.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)