Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Анохин Андрей Викторович

Анохин Андрей Викторович, атактуу алтайтаануучу, этнограф, композитор, агартуучу жана котормочу. СССР ИАсынын мүчө-корреспонденти (1923). 1867-ж. Тамбов губерниясындагы Правые Ламки уездинин Аржан аттуу айылында дыйкандын үй бүлөсүндө туулган. 1931-ж. дүйнөдөн кайткан. 1874-ж. А. В. Анохиндин үй бүлөсү Алтайдагы Бийск шаарына көчүп келишет. Ата-энесинен эрте ажырагандан соң анын тагдыры диниятчыл миссия менен байланышып, алгач Бийскидеги, андан соң Москва синодалдык училищесинде окуйт. Композитор А. К. Лядовдун жетекчилиги астында Санкт-Петербургдагы ырчылык капелласында билим алган. Томск шаарындагы окуу жайларда ыр өнөрүнөн, музыканын теориясынан, скрипкадан сабактарды берет. Арийне, А. А. Анохинге атактуу окумуштуулар Г. Н. Потанин, Г. И. Гуркиндер менен таанышуу ага өзгөчө таасир калтырып, анын кийинки тагдырына бурулуш роль ойногон. Ал учурда Г. Н. Потанин Томскидеги Сибирди изилдеп-изилдеп үйрөнүү коомун жетектөөчү. 1906-ж. Г. Н. Потаниндин атайын чакыруусу менен Тоолуу Алтайга этнографиялык экспедицияга катышат. Бул илимий жүрүштө А. Анохин алтайлыктардын элдик ырларын, фольклордук чыгармаларын, бурханизмдин башаттарын изилдөөгө алган. 1910-1912 жж. «Орто жана Чыгыш Азияны изилдөө боюнча Орус комитетинин» тапшыруусу менен алтайлыктардын ичиндеги шаманчылыкты изилдей баштаган эле. Бул жылдары 12 шаман мистериясын, 100 ашуун телеут ырларын нотага түшүргөн, салттуу үйлөнүү каадаларын кагазга түшүрүп, шаман бубениндеги сүрөттөрдүн түпкү маанилеринин сырларын ачууга киришет. А. А. Анохиндин "Душа и её свойства по представлению телеутов" (СПб, 1912), "Материалы по шаманству у алтайцев" (Л., 1924) аттуу илимий эмгектери Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринин этногенези жана этникалык тарыхы боюнча булактаануучулук мааниси зор изилдөөлөрдөн болуп саналат. Эмгектерди жаратууда автор эбегейсиз зор талаа ж. б. илимий булактарды колдонгон. Тъштүк Сибирь, Монголия, Чыгыш Казакстан боюнча уюштурулган экспедицияларда А. Анохин түрк элдеринин 800 ашуу ырларын жана анын музыкалык аспаптар менен коштолгон үлгүлөрүн нотага салган, болмуш, уламыш, элдик дастандарды кагаз бетине түшүргөн. Алардын ичинен 500 алтайлыктарга, 300 ашуусу хакас, тува, телеуттарга таандык элдик чыгармалар эле. Бул зор маалыматтардын негизинде «Богатырский эпос", "Буддийская храмовая музыка", "Материалы по шаманству у алтайцев" (Л., 1924), "Бурханизм в Западном Алтае" ("Сибирские огни", 1927) ж. б. эмгектерди жарыкка чыгарган. Орус Географиялык коомунун, Орус музыкалык жана Сибирди изилдөө коомчулуктарынын мүчөсү болгон А. А. Анохин 1918-1920 жж. Тоолуу Алтайдагы Чемале деген жеринде туруп калат. Жергиликтүү элдин балдарына ыр сабагын, крайтаануу, англис тилдерин үйрөтөт. 1921-ж. Барнаулга көчүп келип мектептерде сабак берет. 1926-ж. Тоолуу Алтайдын Улала деген жерине кайрадан кайтып келип 100 ашуун чыгармаларды жаратат, анын ичинен алтайлыктардын музыкалык фольклоруна байланышкан «Хан Алтайдын» сюитасын, «Талай-хандын» ораториясын», «Хан Эрлик» поэмасын жазган. Көзүнүн тирүүсүндө көптөгөн окуучуларды тарбиялаган. Алардын ичинен атактуу этнограф Л. П. Потапов белгилүү. А. А. Анохиндин эмгектерини түрк элдеринин этнографиясы, фольклору, маданияты боюнча маанилүү илимий булактар катары сакталып келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)