Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Аннaн Кофи

Аннaн Кофи (1938-жылы туулган) - ганалык дипломат, 1997-жылдан 1-январынан БУУнун Генералдык секретары (2001-жылдын июнунан экинчи мөөнөткө шайланган). АКШнын Миннесота штатындагы Макаластер колледжин (1961), Массачусетс технология институтун бүтүргөн. 1962-жылдан БУУнун денсоолукту сактоонун Бүткүл дүйнөлүк уюмунда, Аддис-Абебадагы Африка үчүн экон. комиссиясында, Исмаилидеги БУУнун Атайын куралдуу күчтөрүнүн катарында качкындар иштери боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармасында кызмат өтөгөн. 1987-92-жылдары БУУнун борбордук аппаратында адам ресурстары боюнча Генералдык секретардын жардамчысы жана коопсуздук маселелери боюнча координатору. 1993-94-жылдары Генералдык секретардын тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жардамчысы, 1994-96-жылдары анын орун басары. А. К. ИракКувейт согушун токтотууга, Босния жана Герцеговина, Чыгыш Тимор маселелерин жөнгө салууга зор салым кошкон жана БУУну реформалоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда активдүү роль ойноодо.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)