Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Англия-Франция-Кытай согушу

Англия-Франция-Кытай согушу - экинчи «апийим» согушу (1856-60) Англия менен Франциянын Кытайды көз каранды мамлекетке айландыруу максатын көздөгөн агрессиячыл согуш. Цинь династиясына каршы чыккан тайпиндердин көтөрүлүшүнөн пайдаланып, Англия 1856-жылы октябрда Гуанчжоу шаарын басып алат. 1857-жылы ага Франция кошулат. 1858-жылы майда англиялык жана француздук аскерлер Дагу портун каратып, Тянь-цзинь менен Пекинге коркунуч туудурат. Кытай өкмөтү Тяньцзинде Англия - Кытай жана Франция-Кытай (1858) тең укуксуз келишимдерине кол коюуга мажбур болот. Келишимдер өлкөнүн аймагында чет өлкөлүктөргө эркин соода жана миссионердик ишмердүүлүктү жүргүзүү укугун берүүгө Кытайды милдеттендирген. Бирок, император аларды ратификациялоодон баш тарткан. Ага жооп кылып англичандар менен француздар 1860-жылы августта Тянь-цзинди, октябрда Пекинди басып алат. Кытай өкмөтү Пекинде Англия-Кытай жана Франция-Кытай келишимдерине (1860-жыл) аргасыздан кол коёт. Келишимдер мурдагы Тянь-цзинь келишимдеринин шарттарын бекемдеген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)