Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ангелдер

Ангелдер — Византия императорлорунун династиясы (1185-1204). Негиз салуучусу Исаак II (1185-95). Ангелдер бийликке Андроник I Комнинди тактан кулаткандан кийин келишкен. Алардын башкаруусу Византия империясындагы ички жана тышкы абал оор болуп турган мезгилге туш келип, мамлекеттин курамындагы провинцияларда сепаратисттик кыймылдар күч алган. Ангелдердин акыркы башкаруучуларынын Константинополь шаарынын калкы жек көргөн кресттүүлөрдү колдоосу династиянын кулашына алып келген. 1204-1318-жылдары Ангелдер Эпир падышачылыгынын башкаруучу династиясы болуп калган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)