Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Aнаньев Николай Яковлевич

Aнаньев Николай Яковлевич 19. 11. 1912, Ысык-Көл облусу, Сазановка кыштагы (азыркы Ананьев) - 16. 11. 1941, Волокаламск району, Нелидов кыштагы - Советтер Союзунун Баатыры (1942). 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылганга чейин, Ысык-Көл районундагы Сазановка кыштагында колхозчу болуп иштеген. Фронтто Aнаньeв 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Полк Москваны немецтик-фашисттик баскынчылардан баатырдык менен коргоого катышкан. 1941-жылы 16-ноябрда душман Москваны көздөй чабуулга өткөндө, Волоколамск шоссеси багытындагы Дубосеково темир-жол разъездин коргоочулардын ичинде атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, курман болгон. Aнаньeв туулган жер азыр Ананъев кыштагы деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)