Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аммиак

Баш барак | Башкалар | Аммиак

Аммиак — мүнөздүү кескин жыты бар түссүз газ; азот менен суутектин эң жөнөкөй химиялык бирикмеси.

Мазмуну
Аммиак
Системалык аталышыСуутек нитриди
Салттуу аталыштарыаммиак, аммониак
Химиялык формуласыNH3
Физикалык касиеттери
Абалыгаз, газ сымал
Молярдык массасы17,0306 г/моль
Тыгыздыгы0,7723 (нормалдуу шарттарда)
Иондошуу энергиясы10,18 ± 0,01 эВ жана 1,6E−18 Дж
Термалдык касиеттери
Эрүү температурасы−77,73°C
Кайноо температурасы−33,34°C
От алуу температурасы651 ± 1°C
Жарылуу чеги15 ± 1%
Критикалык чекит132,25°C
Калыптануу энтальпиясы−45,94 кДж/моль
Салыштырмалуу буулануу жылуулугу1370 кДж/кг
Буу басымы8,5 ± 0,1 атмасфера
Химиялык касиеттери
Кислота диссоциациясынын константасы pKa9,21 ± 0,01
Сууда эригичтики89,9 (0 °Cда)
Түзүмү
Диполдук учур4,9E−30 Кл·м
Классификациясы
CAS каттоо номери[7664-41-7]
PubChem222
EINECS каттоо номери231-635-3
SMILESN
RTECSBO0875000
ChEBI16134
БУУ номери1005
ChemSpider217
Коопсуздук
Каныгуу чеги20 мг/м3
LD50 боюнча леталдуулук200—1490 мг/кг
УулуулугуКатталган аммиак каражаттары 4-класстагы адамга коркунучтуу денгээлине таандык, жалпы уулуу таасирге ээ.

Жалпы маалымат

-33,4° Сде — суюк, -77,7° Сде катуу абалга өтөт. Абадан (кычкылтек) 2 эсе жеңил, 1 л аммиактын салмагы 0,77 г болот. 6-8 атмосфера басымда болот, баллондо сакталат. Сууда жакшы эрийт, 20° Сде 1 көлөм сууда 700 көлөм NH3 эрий алат. Суудагы 10%дуу эритмеси — нашатырь спирти болот. Амиактын суу эритмелери жегичтик касиетке ээ. Химиялык жактан активдүү, көп заттар менен реакцияга кирет. Суутектин агымында жашыл сымал жалын менен күйөт.

Аммиак өсүмдүктүн өсүшүндө жана айыл-чарбада зор мааниге ээ (жер семирткич). Белоктун синтезделиши үчүн амин кислоталар аммиаксыз түзүлө албайт.

Нитрат жана башка азоттуу заттар мурда аммиакка чейин калыбына келип, андан кийин гана амин кычкылдардын түзүлүшүнө катышат. Табиятта аммиак азоту бар органикалык заттар ажыраганда пайда болот.

Өнөй жайда негизинен азот менен суутекти басымы астында катализдик синтездөөдөн алынат. Аммиактан негизинен азот жер семирткичи жана азот кычкылы даярдалат. Андан алынган аммоний туздары өнөр жайда (сода, пластмасса, синтездик була алууда, муздаткыч техникасында ж. б.) кеңири колдонулат. Синтездик аммиактын көп бөлүгү өндүрүштө азот кислотасын жана азот жер семирткичин алууга керектелет. Суулуу аммиак жана суусуз аммиак азот жер семирткичи катары пайдаланылат. Аммиак — уулуу жана жарылгыч зат.

Тарыхынан

Аммиак биринчилерден болуп таза түрүндө Дж. Пристли окумуштуусу тарабынан 1774-жылы алынып, ал аны «жегич аба» (англисче alkaline air) деп атаган. Он бир жылдан кийин, 1785-жылы К. Бертолле аммиактын так химиялык курамын орноткон. Ошол мезгилден тарта дүйнөдө аммиакты азоттон жана суутектен алуу изилдөөлөрү башталган.

Аммиак азот кошулмаларынын синтези үчүн абдан керектүү болгон анткени, аларды чилиялык селитрадан алуу акыркысынын корунун азайышы менен чектелген. Селитра корунун азаюуу маселеси XIX кылымдын аягында курчуйт.

XX кылымдын башында гана өнөр-жайга жарактуу аммиакты синтездөө процесси ойлонуп табылган. Муну, бул маселе үстүндө 1904-жылы эмгектене баштаган Ф. Габер ишке ашырган, ал 1909-жылы анча чоң эмес контакттык аппарат жасап, анда жогорку басым (Ле-Шателье негизине ылайык) жана осмийден турган катализаторду колдонгон. 1909-жылдын 2-июлунда Габер, К. Бош жана А. Митташтын (экөө, Бадендик анилин жана сода заводунан, BASF) алдында аппаратты текшерүүдөн өткөрүп, аммиакты алат.

К. Бош 1911-жылы BASF үчүн аппараттын ири масштабдуу версиясын жасап чыгып, 1913-жылдын 9-сентябрында аммиакты синтездөө боюнча дүйнөдөгү биринчи завод ишке киришкен (жайгашуусу: Оппау, Людвигсхафен-на-Рейне шаарынын четинде, завод BASF таандык болгон).1918-жылы Ф. Габер «аммиакты аны түзүүчү элементтерден синтездөө үчүн» Нобел сыйлыгынын химия боюнча лауреаты болот.

Аммиакаттар

Туздарга аммиак кошуудан алынган аммиак жыттуу, түссүз, кээде саргыч суюктуктар. Составында 33-45% азот болот. Айыл чарбасында мочевина, аммиак селитрасы жана башка азот жер семирткичтеринин суудагы эритмесин аммиак менен каныктыруудан алынган. Аммиакаттар суюк азот жер семирткичи катары колдонулат.

Аммиак жер семирткичтери

Азоттуу (азоту аммиак түрүндө) жер семирткичтер. Аларга аммиак селитрасы, күкүрт кычкыл аммоний, хлордуу аммоний, аммоний бикарбонаты, аммоний карбонаты, суюк аммиак, аммиак суусу, ошондой эле курамында иону бар аралаш жер семирткичтер таандык. Аммиак жер семирткичтери сууда оңой эрийт, алардын азоту өсүмдүккө тез сиңет. Аммиак азоту топуракка жакшы сиңет. Аммиак жер семирткичтери топуракты бир аз кычкылдантат. Топуракта нитрлөөчү бактериялардын таасиринен нитратка чейин кычкылданат.

Аммиак селитрасы

Аммиак селитрасы, азот кычкыл аммоний, аммоний нитраты, МН4 N03 — азот жер семирткичи, азот кычкылынын аммоний тузу. Түссүз, нымды жакшы тартуучу кристалл, 34-35% азоту болот. Аммиак селитрасы 45-58%дуу азот кислотасын газ түрүндөгү аммиак менен нейтралдаштырып, аны балкып эриген абалга чейин буулантуу менен коюулантып жана кургатуу аркылуу алынат. Аммиак селитрасынын А, Б жана В маркалары жакшы белгилүү. А, Б маркасы өнөр жайда колдонулат, В — физиологиялык жактан кычкыл жер семирткич, бүртүктөлгөн түрүндө чыгарылат. Аммиак селитрасын жер семирткич катары бардык айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонууга болот. Аммиак селитрасы негизинен, башкача айтканда себүүгө чейинки, ошондой эле кошумча жер семирткич катары жана катар аралыкка, чөнөккө чачуу үчүн пайдаланылат. Нымды тез тарткандыгына байланыштуу суу өткөрбөс капка салып, кургак жерде сакталат.

Жайгаштыруу: 2023-11-19, Көрүүлөр: 511, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу