Америка-Мексика согушу - АКШнын Мексикага каршы согушу (1846-48). 1835-ж. Мексиканын Техас штатында америкалык плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-ж. Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-ж. Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-ж. 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында америкалык аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түндүк жана Борбордук Мексикада жергиликтүү эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-ж. Веракрус портуна америкалык десант түшүрүлүп, мамлекеттин борбору - Мехико шаарына чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-ж. февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты боюнча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер