Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алышбаев Жумагул

Баш барак | Биографиялар | Алышбаев Жумагул

Алышбаев Жумагул(1922, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы —1969, Биипсек ш.)-экономист,. Кыргызстан Илимдер Академиясынын академиги (1954), экономикалык илимдеринин доктору (1966), профессор (1967). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Каракол педагогикалык окуу жайын бүткөндөн кийин (1939), Кочкор районунда орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1945—47-жылы Талас обком комсомолунун катчысы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын катчысы, 1953-54-жылы Республикалык партиялык мектептин директору, 1955—58-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн академик-катчысы, вице-президенти, 1958—68-жылы Экономика институтунун сектор башчысы, 1968—69-жылы Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакторунун орун басары. Саясий экономия, Кыргызстандын экономикасы (анын ичинде Ысык-Көл облусунун) боюнча 200дөн ашык илимий эмгектери бар. «Чоң Нарын проблемалары» (1968), «Кыргызстандын өнөр жайларынын негизги тармактарынын өнүгүүсү жана жайгапггырылыш келечеги» (1963), «Кыргызстандын электр энергетикасын өнүктүрүү жана жайгаштыруу» (1963), «Түндүк Кыргызстандын комплексин түзүү перспективалары» (1964), «Кыргыз ССРинде химия өнөр жайынын өнүгүү перспективасы» (1964) жана башкалар эмгектеринде Кыргызстанда өнөр жай курулушу жөнүндөгү маселелер каралып, өнөр ж-дын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайганггыруу жолдору далиметрденген.

Кызыл Жылдыз, эки 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кереге-Таш айылына бюсту орнотулган, ысмы ошол жердеги мектепке коюлган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1382, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу