Алымкул Үсөнбаев (1894-1963)

"...Кыргыз элинин сүйкүмдүү ырчысы Алымкул Үсөнбаевдин чыгармачылыгы жана өмүр жолу жөнүндө сүйлөгөндө, анын чыгармасын элдик фольклордон ажыратып кароого болбойт" (К. Маликов). Алымкул Үсөнбаев 1894-жылы Талас өрөөнүндө Кара-Арча айылында кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Кедейлик, жетимчилик аны эрте жетилтет. Уккан ырларын жомокторун эсине түшүрүп, кайталап айта баштайт. Комуз черткенди, ага кошуп ырдаганды үйрөнөт. 1936-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштейт. Алымкул аксакал эл-жерин жандай көргөн, эл тагдырын өз тагдырым деп түшүнгөн ырчылардан эле. Анын дагы бир аты "Төкмө" эле. Тааныган, билгендердин баары ушинтип аташчу. Бул сөздүн кыргызча мааниси жалпыга маалим: ырды жамгырдай төгүү, үстөкө-босток чуурутуп айтуу, жакшы ойлорду уйкашка салып буйдалбай тез айтуу. Ал минтип аталууга татыктуу болчу. Элдик оозеки адабияттын кийинки өкүлдөрүнүн ичинде эн көрүнүктүүлөрүнүн бири эле. Кыргыз жергесинде, анын булуң-бурчтарында Алымкул төкмөнү билбеген же анын ырын укпаган адамды чанда кезиктирүүгө болор. Ырдоо, ырды төгүп айтуу өнөрүнө жаңыдан талаптанып жүргөн кезинде, анын али тажрыйбасыз жаш шыгын андан ары өнүктүрүүдө, жолго салууда улуу Токтогулдун таа-сири өтө күчтүү эле. Алымкулдун багына ошол учурда Токтогул Таласка келип калат. Токтогулдун дүңгүрөгөн атагын ал ага чейин эле уккан, көрсөм деп эңсеген. Токтогулдун акындык күчү гана эмес, бир калыптуу жүрүш-турушу да, жайдары шайыр мүнөзү да, адамдарга кичи пейил мамилеси да, анын жалпы эле бийик адамгерчилиги жаш ырчыга унутулгус таасир тийгизген. Алар андан кийин да бир канча ирет жолугушту, чогуу ырдашты. Бул бирин-бири түшүнүп, бири-биринин талантын кадырлагандык эле. 1936-жылдан, Кыргыз филармониясына чакырылгандан тартып, анын эл менен байланышы күчөдү. Концерттик бригадалар менен не бир жайдын чыйылдаган ысык чилделеринде же кыштын кычыраган аяздуу сууктарында колхоз-совхоздорду кыдырып концерт берип, элди күрдөөлдүү эмгекке, Ата Журттун күчүн чыңоого чакырып жүрдү. Алымкул Үсөнбаевдин дагы бир өзгөчөлүгү, ал элдик көп күүлөрдү, айрыкча өз устаты Токтогулдун күүлөрүн чебер аткарчу. Улуу Ата Мекендик согушка арналган ырларын жазат. Элди жеңишке жана душманды жок кылууга үндөп ырдаган. Акын "Ырлар жана поэмалар", "Согушуп жаткан эрлерге", "Комуз", "Улуу дос" жана башка отуздан ашык китептердин автору. Акын Кыргыз ССРинин Эл артистй, манасчы.

Чыгармалардын мазмуну, идеялык бөтөнчөлүктөрү

Алымкулдун чыгармаларынын тематикасы өтө бай. Ал өзүнүн чыгармаларында элинин турмушун, ой-санаасын билгизген баатырдык күрөштөрүн даңазалаган. Ата Мекендик согуш А. Үсөнбаевдин чыгармачылыгындагы көрүнүктүү темалардын бири: Мисалы: "Чолпонбай", "Баатырлардын анты", "Ушул кез". Алымкул Мекенди коргоочуларды туруктуулукка, баатырдыкка үндөгөн. Кийинки жылдарда дагы көп ырларды, поэмаларды жаратты. Алар тематикага кеңири, мазмунга бай. Акындын көпчүлүк ырлары эмгек каармандарына арналган. Мисалы: "Тамекичи Зууракан", "Тракторчу Осмон", "Койчу Алматай". Алымкулдун ырларында тынчтык, боордоштук, достук темасындагы чыгармалар да арбын. Акындын мурасы мекенибиздин көркүн, жерибиздин сулуулугун элестеткен назик, сүйүү ырларына да пейзаждык лирикага да бай. Мисалы: "Күз", "Жазга маал", "Каркыранын көрүнүшү", "Күздүн таңы", ж. б. Поэмалары:4"Ысык-Көл", "Биринчи бригада". Айтыш чоң ырчылык чеберчиликти талап кылат. Ошондуктан айтышка бардык эле ырчылар түшө бербейт. Айтыш ырчылыктын чоң сыноосу болгон. Акындык айтышгарга Алымкул да катышкан.

Аккан суу

Абал мурун жалтылдап,

Кайдан чыкты аккан суу?

Аскасы бийик көк тескей,

Сайдан чыкты аккан суу.

Жайдан чыкты аккан суу.

Агарып кары кетпеген,

Агарган аска бийик тоо,

Таштан чыкты аккан суу.

Аяк башы керилген,

Саздан чыкты аккан суу.

Алтындай жүзү жаркырап,

Кыш күнү ичсең жыпжылуу,

Жерден кайнап оргуштап,

Булактан чыкты аккан суу.

Жээгине көк камышты,

Курап чыкты аккан суу.

Жер тамырын көгөртүп,

Бурап чыкты аккан суу.

Жер жайнаган дайраны,

Улап чыкты аккан суу.

Кайнап башат жаркырап,

Тоодон чыкты аккан суу.

Ак жалама боорунан,

Канат алган аккан суу.

Ааламга тийип пайдасы,

Таратылган аккан суу.

Көк жалама боорунан,

Канат алган аккан суу.

Керек болуп дүйнөгө,

Жаратылган аккан суу,

Көк ирим дайра туш-тушка,

Таратылган аккан суу.

Кара жерди как жарып,

Кайнап чыкан аккан суу.

Калкылдап жердин үстүнө,

Жайнап чыккан аккан суу,

Канча бир деңиз түбү жок,

Дайра чыккан аккан суу.

Ай-ааламга күч берип,

Пайда чыккан аккан суу.

Ак жалама зоолордон,

Жарып чыккан аккан суу.

Алкымына жез канат,

Балык чыккан аккан суу.

Айдай толуп жаркырап,

Жарык чыккан аккан суу.

Ай-ааламдын милдетин,

Алып чыккан аккан суу.

Аңкагандын суусуну,

Канып чыккан аккан суу.

Көк жалама зоолорду,

Жарып чыккан аккан суу.

Жердин бетин гүлдөтүп,

Пайда болгон аккан суу.

Күнү-түнү тынбастан,

Жүрүп жатат аккан суу.

Тийген жери кулпунуп,

Күлүп жатат аккан суу.

Тийген жери кулпунуп,

Терең экен аккан суу.

Кыбыраган жандарга,

Пахта, жибек, кызылча,

Арпа, буудай, ак сулуу,

Ар өсүмдүк дандарга,

Керек экен аккан суу.

Комуз

Тилге жолдош, үнгө дем,

Комузду кошуп ырдайлы.

Бабабыз черткен бул комуз,

Баркына жетип сыйлайлы.

Өрүктөн тандап чабылган,

Карагай капкак жабылган.

Үч кыл тагып жибектей,

Күлүктөй таптап багылган.

"Комузум" деп ыр жаздым,

Кошулуп далай ырдаштым.

Жаш кезимден үйрөнүп,

Жан-дилим бирге сырдаштым.

Сайраса комуз күүлөрүн,

Жарашып сайрайт тилдерим.

Шанкылдап колдо турганда,

Кубулжуйт мукам үндөрүм.

Урматтуу кыргыз элинен,

Уккандын көөнү эриген.

Колумда сайрап турганда,

Коштогон аттай элирем.

Аркар, кулжа жайнаган,

Белди ырдайлы комузум.

Абийир, бакка орногон,

Элди ырдайлы, комузум.

Эл достугу

Эски убакта эл элек,

Эрегишип урушкан.

Эзилип байдын колунда,

Бошобой башың жумуштан.

Эркиндиктин доорунда,

Эми болдуң туушкан.

Урматтап бардык улутту,

Шумкардай таптап түлөткөн.

Жапан чөл бетин жашартып,

Жайнатып түркүн гүл эккен.

Элдердин таттуу достугун,

Жетекчибиз партия,

Болоттон бекем ширеткен.

Карагай, кайың талы бар,

Сай-сайы толгон малы бар.

Ак булут кетпей түнөгөн,

Аркасында аппак кары бар.

Ак талга конгон булбулдай,

Акындын сайрар чагы бар.

Коңур салкын жүргөн жел,

Кой, жылкысы аралаш.

Катар конгон колхоз эл,

Аптада арык семирткен.

Адыры токой, салкын төр,

Бир энеден туугандай,

Бир уядан учкандай,

Туусун кармап Лениндин,

Душманды жеңдик куткарбай.

Сайранда, элим сайранда,

Таалайлуу өлкө — биздин жай.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)