Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алымкул Үсөнбаев (1894-1963)

Баш барак | Биографиялар | Алымкул Үсөнбаев (1894-1963)
Алымкул Үсөнбаев (1894-1963)Элдик оозеки адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн, Кыргыз ССРинин эл артисти. Ал Талас өрөөнүндө, Кара арча айылында төрөлгөн. Кедейчилик, жетимчилик аны эрте жетилтет. Туулуп-өскөн жердин жаратылышы жана таланттуу адамдардын чөйрөсүндө болуу акындын көркөм сезиминин ойгонушуна түрткү болгон.



Уккан ырларын, жомокторун эсине түшүрүп кайталап айта баштайт. Комуз черткенди, ага үн кошуп ырдаганды үйрөнөт. Ошентип, ырчы өзү айткандай, колуна комуз тийгенде, оозуна ыр өзү эле түшүп турган абалга жетет. Жаш ырчы Токтогулга жолугат. Ошондо ал жаш талантка чыгармачылык жактан багыт берип, акыл-нускасын айтат, ээрчитип өнөрүн үйрөтөт.



1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштегенден тартып эл менен байланышы күчөйт. Республиканын бардык аймактарына концерт берип, элди күрдөөлдүү эмгекке үндөйт. Улуу атамекендик согушка арналган ырлары Алымкулдун чыгармасында орчундуу орунду ээлейт. Ал элди женишке жана душманды жер менен жексен кылууга үндөп ырдаган.



Акын - Ырлар жана поэмалар, Согушуп жаткан эрлерге, Комуз, Улуу дос, Тандалган ырлар, Too булбулу, Биринчи бригада өңдүү отуздан ашык китептин автору. Ал кыргыз элинин Эмгекчи жолборс, Козолшаа, Байгабыл абышка, Жолборс минген киши өңдүү жомокторун ырга айландырган, алар азыр бөбөктөрдүн сүйүктүү китептеринен болуп калды. Олжобай менен Кишимжан, Саринжи Бөкөй, Кожожаш эпостору Алымкулдун оозунан жазылып алынган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2149, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо