Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алымкан

Алымкан
СөзүТоктогул Сатылгановдуку
ОбонуБ. Эгинчиевдики

Атка салган дилдейсин,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң.
Бир күнү оору, бир күн соо,
Алымкан,
Азабын тартса билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!
Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан,
Муңдууга салбай кыйын иш.

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш,
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан,
Карыпка салбай кыйын иш,

Саркештен сайган жоолугун,
Сары санаа кылат жоругуң.
Көк кештен тиккен жоолугуң.
Көп санаа кылат жоругуң.
Токтогул черткен жаш кыял
Тыңдасан боло Алымкан.

Ак шайы жоолук колго алып
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө,
Жыргасаң боло, Алымкан.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1434, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-10-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо