Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алыбаев Жапаркул

Баш барак | Биографиялар | Алыбаев Жапаркул
src="/uploads/bio/alybaev-japarkul.jpg" alt="Алыбаев Жапаркул" align="left" width="200" height="263" class="alignleft"/>Акын Жапаркул Алыбаев 1933-жылы Кыргыз ССРинин Чүй районуна карашту Бириккен айылында колхозчулардын үй-бүлөөсүндө туулган. 1947-жылы айылдык жети жылдык мектепти аяктап, 1950-жылы Фрунзе педагогикалык, 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктайт.

1950-жылдан тартып Ысык-Ата районуна караштуу Кең-булуң сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштейт.

1956-1965-жылдары адабий кызматкер, ал эми 1984-жылдан тартып Чалкан сатирикалык журналынын редакциясында бөлүм башчы болуп эмгектенет. 1965-1972-жылдары маданият жана искусство КСЭнин редакциясында ага илимий редактор, Кыргызстан маданияты гезитинде адабий кызматкер, ал эми 1978-1984-жылдары Кыргызстан көркөм абадий басмаканасында редактор, ага редактор жана редакциянын башчысы болуп эмгектен.

Алыбаевдин чыгармачыл өмүрү 1952-жылдан тарта башталат. Акындын эң биринчи Гүл жана тикенек аттуу ыр саптарынын жыйнагы 1961-жылы жарык көргөн.

Чыгармаларынын негизги жанрдык багыты сатира болуп, кыргыз маданий-адабий сатира салтынын калыптанышына өз салымын кошкон.

Анын сатира чыгармалары кыргыз орто мектеп адабиятынын хрестоматикасына киргизилип, республиканын ЖОЖнын (Жогорку Окуу Жай) филология факультеттеринде изилденип келет.

Жапаркулдун чыгармалары Правда гезитинде, Крокодил, Звезда, Студенттик меридиан журналдарында, Украина мамлекетинин Украина көркөм адабий журналында, Белорустун Полымя журналында жана Словактардын Рогаче журналында басылып чыккан.

Акын тарабынан Гогольдун Мертвые души поэмасы, румын драматург-комедиографы Т. Барангинин Образумься Христофор! комедиясы, монгол жазуучусу С. Удваланын Рожденные революцией повести, Васильевдин А зори здесь тихие повести, Большаковдун жазмалары, ошондой эле Сурков, Гамзатов, Степанков жана башка совет акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1970-жылдан тартып СП СССРдин мүчөсү жана 1958-жылдан тартып СЖ СССРдин мүчөсү.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин грамотасы жана СССР госкомиздаттын ардак грамотасы менен сыйланган.

1990-жылы дүйнөдөн кайткан.




















Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1163, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу