Алтынай Тажыбаева

Тажыбаева, Алтынай - өзүбек театр иликтөөчүсү, искусство таануу илимдеринин доктору

Алтынай Тажыбева 1964-жылы Өзүбек ССРинин Анжыян облусунун Кожобад районунда туулган.
Ал айылдык орто мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги Өзүбекстан улуттук университетинин журналисттик факультетине келип кирет.
1988-жылы университетти бүтүргөн соң Өзүбекстан мамлекеттик телевидениесине кабарчылыкка кабыл алынат.
Ошондон тартып 2006-жылга чейин А. Тажыбаева аталаган мамлекеттик телевидениеде кабарчылыктан тартып редактор, бөлүм башчысы болуп эмгектенген.
Телевидениеде иштеп жүргөн учурда эле ал Өзүбекстан Академиясынын көркөм өнөр таануу илимий изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүрүп, диссертациясын жактап, 1997-жылы искусство таануу илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон.
2008-жылы жогоруда аталган илим изилдөө институтунун докторантурасын аяктаган.
2011-жылы "Борбордук Азиянын эпикалык театры: калыптанышы жана өнүгүшү" деген темада докторлук диссертациясын жактаган.
Өзбекстандын мамлекеттик искусство таануу илим изилдөө институтунун директорунун орун басары.

А. Тажыбаеванын аталган илимий эмгегинин бир чоң бөлүгү бүтүндөй бойдон кыргыздын улуттук эпикалык театрынын тарыхына арналган. Ал түгүл А. Тажыбаева ушул бөлүмүн 2009-жылы А. Зулпихаровго кыргыз тилине котортуп, өз бетинче китеп кылып чыгарган.
Бул китепте кыргыздын 1930-жылдардан баштап 2000-жылга чейинки 20-кылымдагы эпикалык театрынын тарыхы өтө кеңири иликтенген. Айрыкча автор К. Жантөшевдин "Курманбек", А. Куттубаев, К. Маликовдун "Жаңыл Мырза", Ш. Садыбакасовдун "Ак боз ат", Ж. Садыковдун "Манастын уулу-Семетей", "Сейтек", "Айкөл Манас", Ж. Кулмамбетовдун "Кагылайын, Манасым!", "Манас, Манас болгону..." драмаларына жана алардын негизинде коюлган спектаклдерге, "Сахна" театрынын "Жаңыл-Мырза", "Курманбек" оюндарына өтө кеңири талдоо жүргүзүп илимий баа берген.
Аталган спектаклдерди сахналаштырышкан режиссерлор Искендер Рыскулов, Жалил Абдыкадыров, Бообек Ибраев, Акелең Кускаков, Абдырашит Байтемиров ж. б. интерпретацияларына жана эпикалык чыгармаларды сахналаштыруудагы режиссердук өзгөчөлүктөрүнө терең илимий талдоо жүргүзгөн.
Кыргыз сахнасынын улуу артисттери Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүковадан тартып, Асанбек Кыдырназаров, Гүлшара Дулатова, Сабира Күмүшалиева, Күнболот Досумбаев, Жамал Сейдакматова, Мираида Далбаева, ал түгүл Замирбек Сооронбаев, Калыйча Сейдалиевалардын эпикалык спектаклдерде жараткан образдарына олуттуу илимий баа берилген.
Бул эмгекте А. Тажыбаева кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын Орто Азиянын, анын ичинде кыргыз театрынын өсүп-өнүгүүсүнө тийгизген таасирин да өзүнчө бөлүктө, өтө терең иликтеп чыккан.
Бул эмгек кыргыз театрынын тарыхын жазуудагы кемтикти толтурууга салымын кошкону менен баалуу болуп саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)