Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Алтын-Жылга алтын кени

Алтын-Жылга алтын кени Баткен району|Баткен районунда Сох суусунун оң жээгинде, Алтынжылга сайында, Кан кыштагынан 2,5 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте. 1913-ж табылган. 1987–1992-ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин Алтынжылга массивинин гранодиориттери, диориттери, монцонит-диориттери менен жирелген, девондун акиташ, доломит, алевролит, кумдук катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу Алтынжылга массивинин монцонит-диориттеринин девондун акиташ жана доломит тектери менен болгон контактысындагы скарн тилкелери жана экзоконтактысындагы тик жантайган жаракалар менен байланышкан. Рудалануу алтын-скарндуу тарам тибине, алтын-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги руда минералдары: халькопирит, борнит, арсенопирит, алтын, пирит ж. б. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 7,6 г/m. Руданын запасы 1138 миң m. Алтындын запасы 8,636 m.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)