Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алтын казык

Баш барак | Башкалар | Алтын казык

Көк теңиринин аксарат, көксарат деген эки жакшы аты болуптур. Аны алтын казыкка аркандаттырып койгон экен. Ал аттарды Көк уурулары кармамак болуп, аркан таштаса, аркандары жетпей калыптыр. Аларга чалманы түшүрүп кармайбыз деп жүрүшөт экен.

Ошого аксарат, көксарат алтын казыкты айланып качып жүрөт экен.



Жети каракчы алтын казыкты айлана чалма көтөрүп жүрөт экен. ...Эгерде, жылдыздарга мылтык мелжесе анда бардыгы ордунан жылат имиш. Бир гана алтын казык козголбойт экен. Анткени, илгери Канжыга аттуу баатыр атын байлаш үчүн, темир казык катары кагып койгон экен, ошондон бери алтын казык аталып калыптыр.



Алтын казык жөнүндөгү бул мифтик баян Алтын Казык жылдызынын орду турактуу тургандыгын жана анын айланасында жети каракчы (Жетиген) айланып турганын баамдап, алардын эмне үчүн ошондой жайгашып калгандыктары мифтик түшүнүк боюнча, наристе элестетип, адам сыңары көркөм образга көтөрүп түшүндүрүүгө умтулуп жатканынын баамдайбыз. Заттарды таанууда аны наристе элестетип түшүндүрүү нагыз мифтик тааным болуп эсептелет. Алтын Казык жылдыз жөнүндөгү мифтин (аңыздын) чыгышы ошол жылдызды таануудагы наристе баам болгон. Ал эми ошол баам, элестетүү аркылуу бир жылдызга «алтын казык» деген жарашыктуу ат коюлганы эл оозундагы мифтердин коомдук турмушка кызмат кыларын эске салып турат.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 2279, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу