Алтай коругу

Алтай коругу - Алтай Республикасындагы мамлекеттик табият паркы. Аянты 8,8 миң чарчы/чакырым. Чулышман дарыясынын оң жээгинде, Төлөс көлүнөн чыгыш тарапта деңиз деңгээлинен 1000-1200 м бийиктикте, эң бийик жери 3000 мден ашык. Түштүк Сибирдин тайгасын жана бийик тоо тундрасын коргоо максатында 1932-ж. уюшулган. Коруктун аймагынын 20%тейин аска-зоокалар, корум-шагыл-таштар, 45% тен ашык аянтын токой ээлейт. Токоюнда көк карагай, кедр, кара карагай, кызыл карагай үстөмдүк кылат. Бийиктик алкактуулугунда талаа, субальп жана альп шалбаасы, тоо тундра зоналары өзгөчөлөнүп турат. Марал, багыш, тоо эчки, кабарга, кундуз (киш), күрөң аюу, сейрек кездешүүчүлөрдөн илбирс (РФнын Кызыл китебине кирген) мекендейт. Алтай коругу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)