Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алпкаракуш

Баш барак | Адабият | Алпкаракуш

Көйкап чөлкөмүндө жашоочу канаттуудан "алпкаракуш" элестетилет. Алпкаракуш аябай зор куш экен да, анын түнөгү чынар терек болот имиш. Алпкаракуш учканда, бороон чыгып, кырдан таштар кулап, абдан сүрдүү болот экен. Ал чынар терекке келип конгондо чынар терек жети ийилип жерге тийип зорго калыбына келет имиш.

Кыргыз эл оозеки адабияттында алпкаракуш жөнүндө баяндалган жөө жомоктор (мисалы "таалайлуу бала" жомогу) арбын.



Кыргыз эпосунда алпкаракуш образы көрүнүктүү сүрөттөлөт. Кыргыз мифтеринде алпкаракуш адамдардын өткөргөн жакшылыгын билип, адамдарды, атап айтканда, баатырларды көйкаптан (жер астынан) жер үстүнө алып чыгып койгондук, камоодо, курчоодо калган баатырларды куткаргандыгы жөнүндө баяндар айтылат. Алпкаракуш жөнүндөгү мифтик баян "Эр Төштүк" кенже эпосто мындайча айтылат. Ажыдаардан алпкаракуштун балдарын куткарган жакшылыгы үчүн Эр Төштүктү алпкаракуш жер үстүнө алып чыгып коюуга макулдугун берип, алты айлык эт, суу камдап, алты айлык жер үстүнө чыгуу сапарын баштайт. Эр Төштүктү жонуна мингизип, жер үстүнө карай учуу алдында турган алпкаракуш эр Төштүккө мындай дейт: "Мен оң жагыма кылчайганда оозума эт саласың, сол жагыма кылчайганда суусунума суу бересиң, эгер экөөнүн бирөө кемип калса, сени жер үстүнө алып чыга албай, кайра түшүп кетем, бул эсиңде болсун", - дептир да учуп жөнөптүр. Эр Төштүк алты айлык сапарында айтканындай иштеп баса бериптир.



Бирок күнчүлүк жол калганда эт, суу түгөнүп калыптыр. Алпкаракуш оң жагына кылчайган экен, Эр Төштүк берерге эт жок айласыздан өзүнүн эки балтыр этинен оюп алып, оозуна салыптыр, суусу түгөнгөн экен, "алпкаракуш" сол жагына кылчайганда, Эр Төштүк көзүн чегип суу чыгарып бериптир. Дагы бир жолу билектин этин оюп сугунтуптур. Ошону менен жер бетине зорго чыгыптыр.



Жер бетине чыкканда, алпкаракуш Эр Төштүктүн балтыр эти, билек булчуңдары оюлганын көрүп, адамзаттын достукту абдан санаганына ыраазы болуп, өзүнүн карегинин суусун алып, Эр Төштүктүн жарасын жууган экен, сопсоо болуп Эр Төштүк ордунан туруптур. Бирок такымы ийри, чыканак алды ийри болуп калыптыр, мурда адамдар колу-буту жумуру, толук эттүү болчу экен. Ошондон кийин адамдардын такым эти, колунун карысынын эти ийри оюк болуп калыптыр; мурда адамдардын көзүнөн жаш чыкчу эмес экен, ошондон баштап көздөн жаш чыкмай болуп калган имиш. Бул мифтик баян адамзат менен алпкаракуштун мамилеси, алтургай адамзаттын кээ бир мүчөлөрүнүн түзүлүшү алпкаракуш менен төтө байланышта, тотемдик түшүнүктө айтылган, наристе элестетилген көркөм чыгарма болуп эсептелет.



Кыргыз эл оозеки адабиятында алакаракуштун көйкаптагыларга (дөө, желмогуздарга) кызмат кылгандыгы жөнүндө да баяндар айтылат. Алып айтсак, бир адамдын бээси жылда алтын жал куйруктуу кулун туучу экен. Көрсө, алпкаракуш кулунду көйкапка алып кетет экен... Кыргыздардын кереметтүү жомокторунда, мифтеринде алпкаракуш жөнүндө көптөгөн баяндар айтылып, сонун образдар жаратылган. Айтмак, "алпкаракуш" көйкаптагы башка күчтөргө окшош эле бар болгон нерсе эмес, мифтик наристе элестетүү аркылуу жаралган көркөм адабияттык образ болуп эсептелет.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 2991, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо