Альпинист мөңгүсү

Альпинист мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кайыңды кырка тоосунун чыгыш учунун түштүк капталында. Узундугу 5,6 км, аянты 3,5 чарчы/чакырым. Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4510 м. Абляция облусунун аянты 1,2 чарчы/чакырым. Мөңгү күнгөйдө жайгашкандыктан тез эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы, мурда ал Көйкап мөңгүсүнөн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)