Алп Сол

Алп Сол - 9-кылымдын кыргыз кол башчысы жана элчиси.
840-жылы кыргыз каганынын уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген дана Энесайдагы Улуу Кыргыз империясын негиздөөгө чоң салым кошкон.
843-жылы март айында кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: "841-жылы такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду"- деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан женилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнун элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.<, br Алп сол(толук аты Тобок Алп Сол) Тогуз-Торого караштуу Казарман айылынын кулуну. Уруусу тезек(саяк). Ал кытайга элчиликке атсыз жөө баргандыгы айтылат.

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)