Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алмаштырылгыс май кислоталарынын жетишсиздигинен пайда болгон өзгөрүүлөр

Баш барак | Ветеринария | Алмаштырылгыс май кислоталарынын жетишсиздигинен пайда болгон өзгөрүүлөр

Балапандардын өсүүсү акырындайт, боордун көлөмү чоңоюп май топтолот, эн менен энелик бездин өсүүсү кармалат (нормадагыдан 2 – 3 эсе төмөн). Ооруларга өзгөчө суук тийүү (респиратордук) ооруларга , (аспергилез, кандидоз, колибактериоз) ооруларына каршы организмдин туруктуулугу төмөндөт.

Чоңоюп калган канаттуулардын жыныстык жетилиши кечеңдейт, короздорунун түйүлдүк пайда кылуу жөндөмдүүлүгү начарлайт, жумуртканын салмагы жана алардын түйүлүшү кескин төмөндөйт. Инкубациянын мезгилинде эмбриондордун өлүмү биринчи 4 күндө жана акыркы 2 күндө көбөйөт. Кан тамырлардын өткөрүмдүүлүгү, чоюлгучтугу бузулат.

Канаттууларды тоюттандырууда колдонулган майларда ошол майга таандык спецификалык жыты, түсү болуш керек. Ачыган кескин дүүлүктүрүүчү жыты бар, түсү карарып кеткен майлар, майдын терең деструкциясын ачуулугун, гидроперекистин, альдегиддин бар экендигин көрсөтүп турат.

Тоюттун кычкылдык саны 10,0 мг, майдыкы 0,2 – 6,0 мг жегич калийден ашпашы керек. Майдын өтө кычкылдык саны (перекисное число) – 0,5% йоддон ашпашы керек. Майдын (тоюттун) кычкылдык саны –1г майдагы эркин кычкылдарды нейтралдоо үчүн керек болгон жегич калийдин мг менен берген санын көрсөтөт.

Өтө кычкылдык сан – 100 гр майдагы (процент менен берилет), өтө кычкыл менен, йоддуу калийден бөлүнгөн йоддун санынын граммына барабар. Мында рациондогу клетчатканын да көлөмүнө көңүл буруу керек. Клетчатканын деңгээли чоң тооктордо 6%дан ал эми жаштарында 4 – 5 % төмөн болбош керек. Клетчатканын жетишсиз болушу, ичеги карындын иштешин, В группасындагы (Н, Вс ж. б.) витаминдердин синтезин басандатат жана ошондой эле майдын синимдүүлүгүн өзгөртүп анын синтезин жана организмге топтолуусун күчөтөт.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 622, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо