Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алманын пайдасы

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Алманын пайдасы

Алма абдан даамдуу гана болбостон, абдан пайдалуу. "Алманын пайдасы" тууралуу китеп жазса дагы болот. Алма биздин өлкөдө бирден бир негизги мөмө-жемиштердин бири. Бул макалада болсо биз пайдалуу жактарын кыскача айта кетели.

Алманынын салмагынын 80-90% суу түзөт. Алманын курамында:
-Сахар 5тен 15 пайызга чейин
-Клетчатка 0,6%
-Витаминдер А, С, В1, В2, В6, Р, Е. Цитрус жемиштерине караганда алмадагы А витамин 50%га көп. В2 витамини болсо мөмө-жемиштердин башкаларынан эң көп. Ал витаминди табит витамини деп да аташат. Ал нормалдуу тамак сиңирүүгө жана өсүүгө жардам берет.
-Каротин
-Микроэлементтер: калий, натрий, темир, марганец, кальций, магний, күкүрт, аллюминий, бор, ваналий, молибден, никель, фтор, хром, цинк.
-Крахмал 0,9%
-Пектиндер 0,27%
-Органикалык кычкылдар 0,3-0,9%
Бул заттар эмнеси менен пайдалуу, деги эле "алманын пайдасы" кандай?

1.Алманын курамында пектиндердин жана өсүмдүктөрдүн жогорку болгонуна байланыштуу кандагы холестериндин денгээлин төмөндөтүп, атеросклероздун өрчүүсүнө тоскоолдук кылат. Сырты аарчылбаган бир алмада 3,5г волокно бар, а бул адамдын суткалык нормасынын 10%. Сырты аарчылган алмада волокнолордун саны 2,7г. Волокнолордун эрибеген молекулалары холестеринге тоскоолдук көрсөтүп, анын организмден айдап чыгууга жардамдашат. Ушунусу менен тамырлардын холестерин бляшкалары менен бүтөлүп калуу коопсуздугун азайтат. Андан тышкары пектин кан тамырлардын дубалдарын бекемдеп, тамыр атеросклерозунунун өнүгүүсүн алдын алат. Күнүнө 2 алма жеп турса, органимздеги холестериндин денгээлин 16% төмөндөтөт. Эгер, буга кошумча күнүнө 1 тоголок пыяз жана 4 чыны жашыл чай ичип койсо жүрөк приступтары 32% пайызга азаят.

2.Алма тамак сиңирүүгө жардам берет. Айтып өткөн алмадагы волокнолор зандын катып калуусун алдын алат. Пектин ич өткөккө дагы жардам берет. Ал ичегидеги уу заттарын өзүнө тартып алып, ичегинин перистальтикасын (жыйрылуусун) стимулдайт, ачып кетүү процесстерине тоскоолдук жаратып, өттө таштын пайда болуусуна каршы күрөшөт. Алма тамак сиңирүүгө жакшы табигый каражат болуп эсептелет. С витаминин жогорку болгондугуна байланыштуу табитти көтөрүүгө колдонсо да болот. Жүрөк айланууну, кусууна алдын алууда дагы жакшы каражат.

3.Алмалар витамин жетишсиз (гиповитаминоз) болгондо дагы абдан пайдалуу. Авитаминоз, аз кандуулук болгондо алманы колдонушат, анткени аларда жазып өткөндөй эле витаминдер жана микроэлементтер көп. Кычкыл алмалардын ширесинен кычкыл-алма-темир эксратктын алышат дагы аз кандуулукка пайдаланышат. Алманын ширесинде кан жаратуучу элементтер көп - темир жана марганец. Калий, натрий жана кальцийдин оптималдуу курамын камтыйт, ошондуктан жүрөк-кан-тамыр системасын бекемдейт.

4.Алма организмге жалпы жакшыртуу эффектисин дагы камтыйт. Техниканын кылымында, ар бир гаджет, ар бир техника радиация чыгарат, үйдө канчалык техника көп болсо ошончолук радиация көп чыгарат, ишенбесеңиз ар бир техниканын артында же ылдый жагында канча радиация чыгараары жазылат, мисалы 50/60hz (герц). Алма организмдин радиацияга болгон туруктуулугун жогорулатат. Уммундук системаны бекемдейт. Спорттук жашоо образын жүргүзгөн адамдарга жана акыл-эс, мээ эмгеги, жана аз кыймылдуу жумушта көп иштегендерге алма ширеси өтө пайдалуу. Канттын (негизинен фруктоза) жана органикалык кычкылдардын көп болушу, зат алмашуу процесстерин нормалдаштырып, физикалык нагрузкалардан кийин организмдин калыбына келүүсүнө жакшы шарт түзөт. Ошондой эле алма ширеси инфактка кабылгандарга калыбына келүү мезгилинде жакшы таасирин тийгизет. Бирок бир нерсени эстен чыгарбоо керек, жаңы сыгылып алынган алма ширесинин өзүнүн пайдалуулугун 1-2 саатка гана сактайт. Ал эми өнөр-жайда чыккан пакеттеги ширелерде алар пайдалуу микроэлементтер такыр сакталбайт.

5.Кант диабетинде "алманын пайдасы" кайталангыс. Ишенбесеңиз каалаган дарыгерден сураңыз. Алма өзүнө кантты көп камтыганына карабастан, алар диабетиктер үчүн пайдалуу, анткени алмадагы кант негизинен фруктоза түрүндө болот, а алар болсо кандагы канттын денгээлин такыр көтөрбөйт (гипергликемияга алып келбейт).

6.Алма зат алмашууну нормалдашытрат. Зат алмашууну калыбына келтирип, туз балансын нормалдаштырат. Организмди жашартып, картаюуу процессин токтотпосо да, азайтууга көмөктөшөт. Алманын сулпусу хирургиялык операция болгондорго жакшы. Ал организмдеги тигилген жерлердин тезирээк айыгуусун тездетип, уммундук активдүүлүктү жогорулатат.

7.Алма мээге пайдалуу. Алмадагы фосфордун микроэлементтери мээнин иш-аракетин жакшыртып, нерв системасын бекемдейт. Ошондуктан сизден уйку качса, жатаарда алма жеп же ширесин ичип көргүлө. Ошондой эле алма ширесин ыйлаак балага берип көргүлө, кандай болоорун өзүңөр байкайсыңар.

8.Алма рак оорусунан сактайт. Алманын кабыгында кверцетин антиоксиланты көп, ал С витамини менен бирге эркин радикалдардын организмге зыяндуу таасир кылууга жолтоо болот. Пектин менен эрибеген волокондор дагы кичине болсо да ракка каршы иштерин жүргүзөт. Алар заңдын катып калышын алдын алып, рафинделген жана табигый эмес азыктарды кабыл алуудан чыккан заманбап жашообуздун бичи болгон жоон ичеги рагын алдын алат.

9.Дезинфекциялык касиети. Алманын фитонциддери дизентерия, алтын стафилококк, протея, грипп оорусунун А вирусуна активдүү келип алар менен күрөшөт. фитонциддер антиоксиданттык, дезинфекциялык касиетке ээ болуп, ооз көңдөйүн тазалоого жардамдашып, тиштерди кариестен сактап, ооздон чыккан жаман жыттан арылтат. Чала бышкан алмалардын дезинфекциялык касиеттери жакшыраак болот.

10.Алмалар организмди шлактардан жана токсиндерден тазалайт. Пектиндер оор металлдардын туздарын байлап (мышьяк, свинец) организмден чыгарат. Заара кычкылынын пайда болуусуна тоскоолдук кылат. Ошондуктан алар подагра, ревматизм ооруларына пайдалуу. Заара чыгаруучу касиеттерге ээ болуп, ал дагы органимздин зыяндуу заттардан арылуусуна көмөкчү. Алманын курамында хлороген кычкылы болгондуктан, ал пектин менен биргеликте шавел кычкылынын туздарынан (оксалаттар) арылтууга дагы жардамчы.

Билип алуу ашык болбойт...
Алманы жаңы кезинде пайдалануу жакшы, анткени андагы С витамини абада тез кычкылданып кетет. Андан сырткары, алманын өзүдө дагы С витаминин кычкылдантып жиберүүчү заттарга ээ. Ал эми термо обработка бул заттардын жок болуусуна алып келип, организмдеги С витамининин азаюуусуна алып келет. Алманын сырткы кабыгын аарчыбай жегенге аракет кылыңыз, анткени дал ушул кабыкта пектин менен волокондор абдан көп. Чириги бар алмаларды азык кылып колдонууга болбойт, чиригин кесип салсаңыз дагы. Билинээр-билинбеген чириктерде да, митотоксин аттуу уу зат болот, ал алманын бардык жерине тарап кеткен болот. Митотоксиндер жүрөккө, боорго зыяндуу таасирин тийгизип. рак ооруларынын пайда болуусуна өбөлгө болот.

Алмалар бардыгына эле пайдалуубу?
Кээ бир ооруларда алмалардын кээ бир сортторун кабыл алуу зыяндуу болушу мүмкүн. Мисалы, ашказан, 12эли ичегидеги жарасы, жогорку кычкылдуу гастрит оорусу бар адамдарга кычкыл алмаларды жегенге болбойт. Жарасы барларга негизи эле чийки алма жегенге болбойт - андан көрө аны бышкан алма менен алмаштырса жакшаак. Ошол эле учурда сырты аарчылган, теркадан өткөрүлгөн жашыл алмалар гастритке каршы дары катары колдонулат. Эгер колиттер же заара чыгаруу оорулары тынчыңызды алса, анда алманы пюре түрүндө колдонсо жакшы. "Алманын пайдасы" айткандардын барынан сырткары, алар бизге жыл бою жеткиликтүү. Күнүнө бир алма жеп койсоңуз дарыгерге баруудан арылтат. Алмадан жеңиз жана оорубаңыз.

Жайгаштыруу: 2017-09-12, Көрүүлөр: 17580, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-09-12, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу