Алмамбеттин колго кан шайланышы

Алмамбеттин колго кан шайланышы — сюжеттин өнүгүшүндөгү чиеленишүүгө жата турган өзүнчө бутак белгилерден, салттык туруктуу детал көрүнүштөргө жатат.

Манас кырк чоро менен арттан жете келгенде кол Чөмүчтүн кара сеңирине жетип, өргүп аттарды коё берип, бири чапан-көйнөгүн көлөкө кылып алып уктап жатса, бири сууга түшүп ойноп, кээси ууга кетип, ар ким өз билгенин кылып, ээн жаткан болот. Элдин мындай түрүн көргөн Алмамбет: «Бээжин алыс жол, кытай коркунучтуу душман, кошунуңдун кебетеси ушул болсо убара болбой кайта кеткен оң. Минтип жүрсөк жоого качан жетин, кантип уруш салабыз?!«— деп Манаска нааразылыгын билдирет. Алмамбеттин жүйөөлүү сөзүн туура көргөн Манас колду ээн койгон абасы Бакайга нааразы болуп, кандыгын Алмамбетке берсин деп сурап келүүгө Ажыбай менен Серекти жиберди. Алмамбет кошунга кан болушун Бакай да кубанып кубаттады. Жар чакырылып, бийлик Алмамбетке өткөнү элге кабарланды. Алмамбет колду чогултуп, тактап эсебин алып, онго, жүзгө, миңге, түмөнгө бөлүп, он кишиге бирден кишини улук кылып он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы бек шайлап, ар бир он башыга карамагындагы он киши үчүн жооп берерин, кийин эл эсептен өткөндө он адамдын эсебин туура бере албаса башы алынарын эскертти. Жар чакыртып, мындан нары кандын уруксатысыз токтоо, эс алуу болбой турганын билдирип, өзү колду баштап Алмамбет жөнөйт.

Сюжет Валиханов жазып алган эпизоддо да, Радлов жазып алган вариантта да жок. Саякбай Каралаевдин вариантында өзүнчө окуя түрүндө эмес, казатка аттанардагы окуялардын арасында гана кыскача Алмамбеттин кан шайланганы жана жүзгө, миңге бөлгөнү эскерилет. Башка манасчылардын баарында бул эпизод бар жана Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)