Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Алма бити

Алма бити (Аphis pomi Deg) - муунак буттуулар тибиндеги тең канаттуулар түркүмүнүн өкүлү, алма зыянкечи. Анын көп түрү бар. Алма жашыл бити - алма өскөн бардык жерде кездешип, көбүнчө жаш мөмө бакта, алма, алмурут, бийалма жана ыргай, четин, долоного зыян келтирет. Ал жашыл түстө, башы күрөңжашыл, жаш бутактын учун, жалбырак ширесин соруп азыктангандыктан жалбырак түрүлүп, бутак ийрейип өсөт. Жумурткасы жаш өркүндө кыштап, мөмө бак бүчүр байлап, алма гүлдөгөндө жумурткадан биттер чыгат. Ал жылына 8 (түндүктө) же 19 (түштүктө) жолу тукумдайт. 3ыянкеч жайдын толугунда көп, экинчи жарымында жалбырак өркүндөрү өсүүсүн токтоткондо аз болот. Каршы күрөшүүдө аны жок кылуучу мите чабармандарды, элкайдакөчөттү алма багына коё берүү, алма зыянкечтерине туруктуу сортторун отургузуу жана химикат чачуу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)