Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аллергия деген эмне

Баш барак | Медицина | Аллергия деген эмне

Аллергия - бул оору, ар бир адамга өзүнүн симптомдору мүнөздүү (шишүү, кычышуу, ачышуу, денеде кызыл тактардын пайда болуусу, мурундан суу агуу, чүчкүрүү, бронхоспазм жана башкалар), "аллергия деген эмне" суроосуна көбүрөөк маалымат аллунун кааласаңыз, бул макала сиз үчүн.

Симптомдордун негизин төмөнкүлөр түзөт:
1.Иммундук системанын өтө сезимталдуулугу (чыныгы аллергия)
2.Организмдин туура эмес реакциясы (жалган аллергия)

Аллергиянын мындай симптомдору ар кандай заттарга болушу мүмкүн (гүл чаңы, жаныбарлардын жүнү, азык-түлүктөр, дары-дармектер, күнүмдүк-тиричилик колдонуу каражаттары ж. б.), нормада булар жөнөкөй адамдарга коркунуч жаратпайт.

Эмнеге аллергия маанилүү?
Бүгүнкү күндө аллергия абдан кеңири таралган оорулардын катарына кирет, аллергиянын маанилүүсүн жана коркунучтуусуна көңүл бурбоо туура эмес. Андан көрө профилактика иштери жүргүзүү эффективдүү. Аллергиянын симптомдору дээрлик билинбей өтүшү мүмкүн (башка ооруларга жашынуу), ошондой эле коркунучтуу болот (мисалы, кекиртектин, бронхалардын шишиши, дем алуунун оорлошу же 10-15 мүнөт ичинде пайда болуучу анафилактикалык шок).

Аллергиянын пайда болуусу
Аллергиянын пайда болушуна иммундук система жооп берет. Дал ушул организмдин табигый коргоочусу бузулуп калат дагы, жөнөкөй жана кадимки заттар иммундук система аркылуу душман болуп саналып, иммунитетте чукул реакциялар жүрүп коргоно баштайт. Коргонуу функциясы организмдин ткандарын бузуп, өлтүрүп, аша чаап коргонот десек туура болот. Дал ушул иммундук системанын агрессивдүү коргонуусу аллергия аталат (гиперсезимталдуулук).

Көп кезигүүчү аймактык аллергия симптомдору:
- теридеги кызамык;
- көздүн жашылдануусу;
- мурундун бүтүшү

Башка органдарга өтүп кетүүчү жалпы симптомдор:
- жалпы температуранын жогорулашы
- бүт денеге кызмактардын чыгуусу
- бүт дененин кычышуучу
- Квинке шишиги (беттин же бүт дененин шишиши)
- артериалдык кан басымдын төмөндөшү, анафилактикалык шок.

Көп учурда аллергия аллергендин кирип кеткен жеринен пайда болот:
1."Аллергия деген эмне" мурунга, оозого, бронхага, өпкөгө кирип кеткенде, адам чүчкүрөт, тамагы кырылдайт, мурдунан суу агат, ышкырып дем алуу, дем алуунун оорлошу. Мындай жол менен учуп жүрүүчү заттар кирет: чаң, гүл чаңы, микробтор ж. б.

2.Ооздун былжыр челине, тамак сиңирүү системасына жаныбарлардын эпидермиси, грибоктун спораларынын кирип кеткенде тери кызарат, ачышат, кычышат, эриндер, тил, ооз көңдөйүнүн былжыр чели көбөт, адам кусат, ичи өтөт, ичи ооруйт ж.б.

3.Ар кандай азык-түлүктөрдү, суюктуктарды, дары-дармектерди кабыл алганда же териге тийгенде кызарат, ачышат, кычышат, тери шишийт, тери туурулуп түшөт, ар кандай кызмактар чыгат, оорутат.

4.Косметикалык каражаттар, самындар теринин астына кирип кеткенде же курт-кумурскалар чагып алганда тери кызарат, шишийт, оорутат, бүт дене шишийт, дем алуу оорлойт, кекиртек шишийт, дене кычышат, бүт денеге кызамыктар чыгат, анафилактикалык шок болот. Мындайда адам өлүп калышы мүмкүн.

5.Вакцина же дары-дармектерди сайганда анафилактикалык шокко чейин алып баруучу курч аллергиялык реакция жүрүшү мүмкүн, бул адам өмүрүнө абдан коркунучтуу.

Аллергиянын натыйжалары
Аллергия оорусун көптөгөн адамдар аллергияны коопсуз оору деп ойлошот, бирок бул андай эмес. Аллергиялык симптомдор тез чарчоо, кыжырлануу, иммунитеттин төмөндөшү менен коштолот. Бирок бул акыркы натыйжалары эмес. Аллергия көп учурда экзема, гемолитикалык анемия, сыворотка оорусу, бронхиалдык астмага алып келет. Бирок бул дагы соңку натыйжалары эмес. Эң оор натыйжасы албетте адам өлүмү.

Аллергия болгондо эмне кылуу керек?
Айтылгандай эле аллергия эки түргө бөлүнөт, чыныгы аллергия жана жалган аллергия, же жеңил жана оор аллергия болуп.

Жеңил аллергия болгондо:
-Аллерген менен контакт болгон жердин кычышуусу
-Көздүн айланасы жашылдануусу, же кызаруусу
-Теринин анча чоң эмес жеринин кызаруусу, шишиши
-Мурунлун бүтүшү, мурундан суу чыгуу
-Аары, курт-кумурска чаккан жерде ыйлакчалардын пайда болушу
Эгер ушундай симптомдор пайда болсо төмөнкүлөрдү жасоо зарыл:
-Аллерген менен контакт болгон жерди жылуу суу менен жууп тазалоо (тери, ооз көңдөйү, мурун)
-Мүмкүн болушунча аллерген менен болгон байланышты чектөө
-Эгер аллергиянын себеби аары же курт-кумурсканын чагуусу болсо, теридеги калып калган ийнесин тезирээк алып салуу керек
-Чагып алган жерге муздак компресс басуу керек
-Аллергияга каршы дары кабыл алуу (Фексофенадин, Лоратадин, Цетиризин, Хлорпирамин, Клемастин).

Эгерде организмдин абалы жакшы болбой жатса, анда тез жардам кызматын дароо чакыруу зарыл, же мүмкүн болсо өзүңүз ооруканага баруу керек.

Оор аллергиялардын симтомдору:
-Дем алуунун оорлошу, отдышка
-Кекиртек аймагындагы тырышуулар, дем алуу органдарынын жабылып баратканын сезүү
-Сүйлөй албоо же тамактын кыркырашы
-Кускунун келүүсү, кусуу;
-Жүрөктүн, кан-тамырлардын катуу согуусу
-Бүт дененин шишиши, кычышуусу, ачышуусу
-Алсыздануу, баш алйануу
-Эс-учун жоготуу.

Аллергиянын негизги келбети, суру ушундай десек туура болот го, "аллергия деген эмне" - бул оору, болгондо дагы коркунучту, өлүмгө алып келүүчү оору. Ошондуктан сак болуңуз. Ал эми аллергия эмнеден пайда болот, бул жөнүндө жазып өттүк, кыргызчалап материалды дайындаган Аскарбеков Ш.

Кошумча шилтемелер:
Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 15484, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-09-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу