Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Алкмеон Кротондук

Алкмеон Кротондук (байыр. грек. Ἀλκμαίων, хронологиялык маалыматтар боюнча «Пифагор абышка кезде, Алкмеон жаш болгон» б. а. б. з. ч. 500-ж.) байыркы грек доктуру жана натурфилософу.

Диоген Лаэртийдин айтуусу боюнча Алкмеон «Пифагорду уккан», бирок аны «пифагорийчи» деп эсептөө туура эмес. Алкмеондун байыркы замандагы белгилүү китеби «жаратылыш жөнүндө» деген ат менен чыккан. Алкмеондун көңүл борборунда микрокосмос катары түшүндүрүлүүчү адамдын денеси турат. Милет мектебине салыштырмалуу, космогония жана метеорология Алкмеондо жок, бирок биринчи жолу эмбриология, физиология, тую теориясы жана психология пайда болот.

Алкмеон баарынан мурда микрокосмостук жана макрокосмостук окуусунда аналогия методун жүргүзөт. Космостун өлбөс бөлүгү күнгө, айга жана жылдыздарга, түбөлүк айланып жүрүүчү адамдын өлбөс бөлүгү-жан (псюхе) туура келет. Бул концепция Платондун жана Аристотелдин космологиясына таасир көрсөткөн. (Аристотель «Алкмеонго каршы» Адамдын организминин модели болуп космос гана эсептелбестен, мамлекет дагы эсептелет, атайын трактат жазган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)