Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Алкак жана асма

Алкак — «Алкак ийип арчадан, түп кынаган челекке, Ак кайыштай чоюлуп, Карскан ийген элекке» (Калык) Жыгаччылыкта челек, элек, май бышкыч (куу-күү) сыяктуу идиштердин бөлүктөрүн бириктирүүчү, алардын эки-үч жерине курчала турган ичке (2,0—3,0 см.) түпкүч формасындагы жыгач. Аны чеберлер сууга салып, жибитип, табына келген кезде ийишет. Мындай ыкма менен казанга түпкүч, элекке карскан, шири идиштеринин оозуна кептөөч да жасалат. Асма (үч мара) — курулган өрмөктү өйдө көтөрүп, согууга ыңгайлуулукту түзгөн, башы бириккен үч буттуу жыгач. Анын ортосунда өрмөктү өйдө көтөрө турган илгичи болот. Адатта, өрмөк ак жайда курулат. Күн ысыкта ал саябалык милдет да аткарат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)