Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алиппе

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Алиппе

Ата, атка така как! - деп башталган сүйлөмдөн, Алиппемди жаңы ачып А тамгасын үйрөнгөм (Жээнбай Мамбеталиев). Мектепте билимге жол алиппеден башталат. Алиппе - окууга, жазууга үйрөтүп, билимдердин ажайып дүйнөсүнө жана өз улутун, эне тилин, Ата журтун таанууга жол ачуучу туңгуч окуу куралы. Алиппе билимдин башаты, анткени бул окуу китеби менен алты, жети жашар баланын билим дүйнөсүнө өтүүсү башталат. Ал үйрөткөн тамгалар, сөздөр, сүйлөмдөр ар бир баланын өмүрлүк күлазыгы болуп кала берет. Демек, алиппе - илимдин дүйнөсүнө жол ачкан күчтүүнүн күчтүүсү, кубаттуунун кубаттуусу болгон башкы булак. Бул сөз араб алфавитинин алгачкы алиб жана бе тамгаларынын аталышынан куралып, сабат ачуу окуу куралынын атын билдирип калган.

Биздин тилге араб жазуусун пайдаланган кезде кирип, андан латын, орус алфавитине көчкөндөн кийин да мектеп босогосун алгач аттаган балдардын биринчи тааныша турган окуу китебинин аты болуп кала берген. Кыргыздын туңгуч алиппеси реформаланган араб алфавитинде 1924-жылы Арабаев Эшеналы тарабынан түзүлүп, Кыргыз алиппеси деген ат менен Ташкенде басылып чыккан. Бул элибиздин тарыхындагы эң чоң окуя эле, анткени кыргыз тили китепке түшүп, элдин билимге, маданиятка карай жолун ачты. 1962-жылдан бери Б. Рысбекова менен С. Турусбеков түзгөн Алиппе кыргыз мектептеринин 1-класстарында окулуп келе жатат. Авторлор алиппени тема сайын билим алууну тереңдете тургандай кыйла дыкаттык менен жазышкан. Бул окуу куралында тилдин, турмуштун сырларын ачкан кызыктуу кабарларга, балдардын көкүрөгүнөн түнөк тапчу татыктуу ырларга, учкул сөздөргө, аңгемелерге орун берилген. Алиппени окуп үйрөнүшкөн соң, биринчи класстын окуучулары «Алиппе майрамын» майрамдашат. 1986-жылы мектеп турмушунда дагы бир Алиппе пайда болду.

Анын авторлору Б. Рысбекова менен К. Сартбаев. Бул окуу куралы алты жашынан окуган бөбөктөргө арналган. Кийин 1995-жылы З. Маразыкованын авторлугунда дагы бир «Алиппе» китеби чыгарылган. Республикабыз эгемендүүлүгүн алып, мектептерде окуу-тарбия иштери улуттук мазмунда өркүндөтүлө баштагандан тартып, улуттук мазмундагы жаңы алиппени жазуу зарылдыгы келип чыкты. Ал С. Рысбаев тарабынан ишке ашып 1998-жылы жарык көргөн Алиппе колдонулуп келе жатат.

Ал «Алиппе дептери», «Шайыр тамгалар», «Кесме тамгалар», Боёмо тамгалар» деген китепчелерди камтыйт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3226, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу