Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Алиев Чыныбек Тукешович

Алиев Чыныбек Тукешович (15. 1. 1961, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Төрткүл айылы -2004, Бишкек) - милициянын генерал-майору Бпшкек финансы-экономика техникумун (1978), КМУнун юридика факультетин (1991) бүткөн. 1978-91-ж. Тоң райаткомунда текшерүүчү, экономист, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө инспектор, улук оперуполномочен, кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1991-95-ж. ИИМдин Региондор аралык башкармалыгында улук оперуполномочен, 2-бөлүмдүн начальниги, экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгында 3-бөлүмдүн начальниги, 19952004-ж. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кызматтык кылмыштар менен күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги болуп иштеген. Кыргыз Республиканын ИИМинин Даңк мемориалына ысмы жазылган. «Эрдик» ж. б. медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)