Алхимиктер

Сымап, темир жана жезди күмүшкө же алтынга айландырууга болот деп ойлошкон мезгил да болгон. Ал үчүн металлга өзгөчө зат - "кызыл арстан" ("философиялык таш" деп да аталган) кошуп эритсе анда ал алтынга, ал эми "ак арстан" деген затты кошуп эритсе, күмүшкө айланат жана кызыл арстан бардык ооруну айыктыруучу, карыны жашартып, ал түгүл адамды өлбөс да кылуучу дары деген түшүнүк болгон. Көп адамдар, алардын ичинде байыркы белгилүү илимпоздор да өздөрүн алхимиктер деп атап, философиялык ташты издегенине таң калууга болбойт. "Алхимиктер" колуна тийгенинин бардыгын: топуракты, кен күкүмүн, жаныбарлардын кургатылган ичеги-карынын, кыкты, жыгачтын кабыгын колба жана ретортарларына салып, узакка аралаштырып анан булардын бардыгын ысытып, ага ар кандай суюктуктарды куюп көрүшкөн, кайнатышкан...

Ошондой эле "алхимиктер" түрдүү дуба окуп, ал ушул аралашманын сырдуу философиялык ташка айланышына жардамы тиет деп ишенишкен. Бирок, ошол касиеттүү таштын кандай экендигин эч ким билген эмес. Король, султандар алхимиктер табуучу байлык жөнүндө угушуп, аларды сарайларына чакырышып, коргондору менен сарайларына алар үчүн лаборатория салдырышкан. Алардан мүмкүн болушунча көп алтын жасап берүүнү гана талап кылышкан.

Бирок алхимиктер эч кандай алтын жасай алышкан эмес. Алхимиктердин жаңылыштыгы азыр бизге белгилүү болсо да, аларды келекелөөгө болбойт. Алхимия менен нагыз илимпоздор да иш жүргүзүшкөн. Алардын натыйжасында металлдардын жана башка заттардын көп касиеттери ачылып, боёк, тери иштетүүчү заттар жасалган. Айнек, эмаль, куйма, кислота, жегич, дары-дармек препараттарын алуунун жолун ачышкан. Алар көптөгөн лабораториялык приборлорду, мисалы, буулантып бөлүүчү кубдарды, жылыткыч мештерди ойлоп табышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)