Алгачкы общиналык (жамааттык) түзүлүш

Алгачкы общиналык (жамааттык) түзүлүш - марксисттик тарыхнаамада адамзат тарыхындагы алгачкы социалдык-экономикалык формация катары кабыл алынган коомдук баскыч. Өндүрүш каражаттарынын жамааттык (общиналык) менчикте болушу, социалдык топтордун, катмарлардын жоктугу жана азык-түлүк, тамак-аштын теңдештирилип бөлүштүрүлүшү бул социалдык-экономикалык формациянын негизи болот. Илимде жалпы кабыл алынган түшүнүк боюнча, киши жана адамзат коому калыптангандан соң, социалдык таптардын ортосундагы мамилелер келип чыкканга чейинки доорду өз кучагына камтыйт. Археологиялык өңүттөн алганда, негизинен палеолит (эрте таш доору), мезолит (орто таш доору), неолит (жаңы таш доору) доорлорун өз кучагына камтыйт. Алгачкы жамааттык коом өзүнөн соңку формациялардан айырмаланып, өндүргүч күчтөр өнүгүү деңгээли өтө төмөн болуп, өндүрүштө жана керектөөдө жамааттык принцип негизги мааниге ээ болгон. Биргелешип эмгектенүү, өндүрүлгөн продуктыга тең ээлик кылуу жеке адамдын табигаттын кубулуштарынын, жаратылыштын алдындагы алсыздыгынан улам келип чыккан. Бул коомдук-экономикалык формациянын тарыхы негизинен археология, антропология, этнографиялык маалыматтар аркылуу калыбына келтирилет. Илимде бул коомдук-экономикалык формация 3 мезгилге бөлүп каралат: алгачкы адамдар тобу, уруулук коомдун гүлдөп өнүгүшү жана анын ыдырап кулашы. Уруулук коом өз өнүгүшүндө 2 доорду - энелик урууну жана аталык урууну башынан өткөргөн. Энелик уруу (матриархат) мезгили төмөнкү палеолиттен башталып, неолиттин убагында өөрчүп-өнүккөн учуру менен бүтөт. Мында эмгек куралы таш, сөөк, мүйүздөн жана жыгачтан жасалган, найза, союл колдонулган, кийинчерек кескич, кыргыч сыяктуу куралдарды пайдаланыша билишкен. Чарбачылыктын негизин аңчылык, балык кармоо жана мөмө-жемиш терүү (жыйноочулук) түзгөн. Эркектер аң уулоо, балык кармоо менен, аялдар мөмө-жемиш терүү ж. б. жыйноочулук иштери менен алектенишкен. Өндүрүштө кескич, канжар, балта, керки, орок сыяктуу нерселер жана жыгач кайык колдонулган. Ошону менен катар, жамааттык коомдо айрым адамдар тобу жер айдоо кесибине өтүшсө, кээ бирөөлөрү балык, аң уулоо же мал асыроо менен тиричилик өткөрө баштаган. Аталык доор мезгилинде өндүргүч күчтөр күрдөөлдүү өнүгүп, жер айдоо куралы колдонула баштайт, мал асыроо жолго коюлуп, ар түрдүү металлдарды ысытып, эритип иштетүү менен кол өнөрчүлүк пайда болот. Мында эмгекти коомдук бөлүштүрүүнүн 3 түрү жүзөгө ашырылган: дыйканчылык, мал багуу, кол өнөрчүлүк жана андан соода өз алдынча бөлүнүп чыккан. Өндүрүштө эркектердин ролу артып, аялдын коомдогу, чарбадагы ээлеген орду төмөндөйт. Аталык уруунун соңку мезгилинде туугандык байланыш ата жагынан эсептелип, уруулар ортосундагы кагылыштардан колго түшкөндөр кулга айландырылган. Общинанын ичинде социалдык жана экономикалык теңсиздик келип чыккан. Кыргызстандын аймагындагы алгачкы жамааттык түзүлүштүн баштапкы мезгилинин издери Айдаркенде Селүңкүрдөн, Онарча суусунун боюнан жана Кожо-Бакырган-Сай капчыгайынан табылган таш куралдарынан улам байкалат. Ош областындагы Капчыгай өрөөнүнөн тиричиликтин Мустьер маданиятына тиешелүү маданияты табылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)