Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Алгачкы коомдун маданияты

Алгачкы доордун маданияты адамзат маданиятынын пайдубалы болуп эсептелет. Азыркы коомдун жашоонун көптөгөн көрүнүштөрү алгач доордун баштапкы учурларында эле пайда болгон.
Мисалы:
1) тил
2) жазуу.
З) искусство
4) дин
5) мифология
6) илим
7) адеп

Кээ бир азыркы учурдагы проблемалар алгачкы доорду изилдөөдөгү материалдар аркылуу чечилет.
Мисалы:
1) Адамзаттын пайда болуушу.
2) Рассалардын келип чыгышы.
3) Элдердин келип чыгышы.
4) Мифологиянын пайда болуусу.
5) Искусствонун пайда болуушу
6) Диндердин пайда болуушу.
Белгилей кетүүчү нерсе алгачкы алгачкы доор тактанын арта калган деп айтууга болбойт. Ал жер шарынын кээ бир бөлуктөрүндө дагы эле уланып келүүдө.
Алгачкы доор адамзат пайда болгондон баштап биринчи таптык коомдор, мамлекеттер, жана жазуу пайда болгонго чейин узак аралыкты камтыйт.
Адамзат 2,5млн жыл мурда пайда болсо, Homo Sapiense ( акыл - эстүү адам)- 40жыл мурда гана пайда болгон.

Эмгек куралдарын адамзат 2млн жыл мурда эле пайдалана баштаган. Ал адамзат үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди.
1)Жаратылыш ресустарын пайдалануу.
2)Айлана чөйрөгө ыңгайлашуу.
3)Жамааттык аңчылык
4)Душмандардан коргонуу.
.
.

Искусствонун пайда болуусу менен адамзат коомунун өнүгүүсүндө чоң өзгөрүү башталган. Алгачкы искусство жаңы көрүнүш болуп калган.
Адамзаттын көркөм чыгармачылыгын өнүгүүсүнө төмөнкүлөр себеп болгон.
1)Эстетикалык муктаждыктары ( керектөөлөрү).
2) Жыныстык инстинкт.
3)Мифологиялык ой жүгүртүүлөр.
4)Диний тажрыйбалар.
5)Көңүл ачууга муктаждыктары.
6)Алган тажрыйбаларын өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүү зарылчылыктары.
Биологиялык жана маданий өнүгүү адамга символдорду пайдалануугажардам берген. Адамдан башка эч бир жандык мындай мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.
Алгачкы доордогу маданияттагы маанилүү орунду мифология ээлейт. Ал адамзаттын өнүгүүсүнүн алгачкы стадияларындагы адамдардын дуйнө таанышынын негизги формасы болу менен бирге, сырткы дүйнө көз карашын, дүйнөдөгү өзүнүн ордун таанууда чоң роль ойногон.
Өз чыгармачылыгынын ар түрдүү формаларынын негизинде адабият калыптанган. Мифологиядан коомдук аң-сезимдин төмөндөгү түрлөрү бөлүнүп чыккан:

Алгач доордо адам өзүн жаратылыштын бир бөлүгү катары сезген. Ал жаратылыш обьектилерине өзүнүн жеке касиеттерин, сапаттарын ыйгарууга аракеттенген.
Мифтердин маанилүү мүнөздүү белгиси, мифтеги символдорду башкаларга алмаштыруу менен сүрөттөлгөн предметтерди түшүнүктүү кылып ачып көрсөткөн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй өнүгүүнүн алгачкы стадияларында мифтер жөнөкөй жана кыска болушкан. Кийинчерээк мифология бири – бирине байланыштыруу мифтери аркылуу татаалдашын өзүнчө системага айланган.
Алгачкы ишенимдердин эң кеңир тараган формасы бул ата-бабалардын культу-козу откон туугандардын арбактарын урматтоо болгон. Арбактар боорукер же ырайымсыз болушат, жана адамдардын жашоосуна таасирин бере алат деп ишенишкен. Арбактарды ыраазы кылууну жана акардын жалган аракеттеринин алдын алуунун көптөгөн түрлөрү болгон:
1)Анимизм
2)Тотомизм
3)Фетишизм
Алгачкы доордун кийинки учурдагы жер иштетүүнүн өнүгүүсү ай жыл эсебинин календарын түзүүнү жаңы жактоочу талап кылган, ага уда астрономиялык байкоо жүргүзүүлөр өнүгө баштаган. Ирригациялык жумуштарды жүргүзүү геометриялык эсеп жүргүзүүнүн техникаларынын калптанышына, эсептөө системаларынын өнүгүүсүнө алып келген. Жыйынтаганда математикалык билимдердин топтолуусу жүргөн. Оорулар эпидемиялар согуштар алгачкы медицинанын өнүгүүсүнө алып келген. Кургактагы жана деңиздеги саякаттар географиянын жана картографиянын өнүгүүсүнө стимул болгон. Металл эритүүнүн пайда болушу менен химиянын негизи пайда болгон.

Алгач доордо чагылдыруу искусствосунун бардык түрлөрү калыптанган.
1)Графика (элестер сүрөттөр)
2)Живопись ( минералдык боектор менен )
3)Скульптура (таштан же чоподон жасалган фигуралар )
4)Депоративдик искусство (таштарды, сөөкөрдү, жыгачты оюу, рельефтер орнаменттер)
5)Музыка
6)Бий
7)Театралдык оюн зооктор
Алгачкы доордогу искусствонун бизге жеткен алгачкы чыгармалары жогорку неолит дооруна таандык, алардын жашы 40 миң жылдын тегерегинде. Алардын ичинде түпкү эненин культуна байланыштуу «Венералардын» элестери өзгөчө орунду ээлейт. Андан сырткары жаныбарлардын (мамонт, жылкы, бугу, аюу, зубр ж. б) элестери аларга болгон артыкчылыктардын сүрөттөлүштөрү табылган.

Жазуунун пайда болуусу өзгөчө мааниге ээ. Азыркы учурдагы жазуунун үндүн тамгасын системасынан мурда бай заманда башка ар түрдүү формалар колдонулуп келген, алардын бири өзүнчө конкретүү так элесттерден турган пиптографиялык жазуулар.
Мезолит доорунун келип чыгышы менен ар түрдүү элестерде адамдардын элестери жана кыймыл аракет көбүрөөк берилле баштаган. Неолит доорундагы уңкүр живописи композициялык жактан бири-бирне байланышпаган көптөгөн сүрөттөрдөн турса, мезолит доорундагы аска бетиндеги көп фигуралуу искусстводо аңчылык учурлары, ритуалдык кыймылдар, бийлер ар түрдүү кармашуулар (согуштар) ж. б. аракеттер берилле баштаган.
Неолит доорунда искусство терең сапаттын өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Маданият «маданаият жалпы бир түрдүү болбой» ар кайсы территорияларда ар түрлүү өнүгүп өз алдынча мүнөзгө ээ боло баштаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)