Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Алгачкы Америка (2)

Муз доорунун эң жакынкы чегинин дал орто ченинде, болжол менен 35 миң жыл мурун, жер жүзүндөгү суулардын көбү континенттик оор муздун чексиз кучагында калган эле. Кургак жер болгону 1500 км аралыкта Азия менен Түндүк Американы көпүрө болуп бириктирип турган. 12 миң жыл муруңку заманда элдер бүткүл Батыш жарым шарында жашап турган. Алкачкы америкалыктар Азиядан азыркы Аляскага өтүп келип, бул жерлерди миңдеген жылдар бою конуштап келишкен. Бара-бара алар түштүккө, континенттин ортосуна карай, кийинчерээк АКШ деп атала турган жерлерге жылып келишкен. Түндүк-батышта алар Тынч океанынын боюнда, түштүк-батыштын тоолорунда, чөлдөрүндө жана Ортоңку Батышта Миссиссипи дарыясынын боюнда жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)