Алгачкы адамдар

Биздин эң байыркы ата-бабаларыбыз маймылга өтө окшош болушкан. Окумуштуулар аларды маймыл сымал адамдар деп аташкан; алардын денесин жүн басып, жаак сөөктөрү оркоюп, ээги мулуюп кыска боло турган. Бирок алар ошол кезде эле эки аяктап басып калышкан. Эң байыркы адамдар үңкүрлөрдө жана аска-зоолордун жаракаларында жашашкан. Турак-жайларын от менен жылытышып, ага эт кактап жешкен. Майда жаныбарларга анчылык кылып, аларды таяк, таш менен чаап алышкан. Бирок алар көбүнчө мөмө-жемиш жана өсүмдүктүн тамырлары менен тамактанышкан. Булар жөнөкөй куралдарды гана жасаганды билишкен: таштарды чегип, бир учун колго кармоого ылайыктап, экинчи учун учтуураак кылып алышкан.

Таштан курал жасаган мезгил таш доору деп аталат. Байыркы адамдардын тукумдары - неандерталдардын да кебете-кешпири маймылга окшош болгон: алардын чекеси жалпак, кабагы салынкы, ээги мулуюп кыска. Бирок булар кадимки адамдардын өзү болучу. Алар алгачкы топторго - эң тажрыйбалуу жана кайраттуу эркектер башында турган аңчылык ордолоруна биригишкен. Неандерталдар үңкүрлөргө баш калкалап, айбандардын терисинен кийим жасап кийишкен. Алардын мээсинин салмагы азыркы адамдын мээсине жакын болгон. Өсүмдүктөрдө болбогон эң керектүү аш болумдуу заттарга бай эттүү тамактар мээнин өсүшүнө жардам берген. Этти тамак-аш катары пайдалануу анчылык топторду жогорку деңгээлде уюштурууга, ар түрдүү эмгек куралдарынын пайда болушуна алып келген. Неандерталдар куралдарын (кыргыч, калак, бычактарды) таштан жасашкан. Алар үңкүрлөрдө жашоочу (аюу сыяктуу) чоң-чоң айбандарга аңчылык кылышкан.

Эмгек процессинде адамдардын бири-бири менен пикирлешип сүйлөшүү талабы пайда болду. Эмгек өз ара пикир алышуу каражатын жараткан. Алгачкы адамдар акырындык менен азыркы замандагы адамга окшой берет. Буларды илимпоздор кроманьондор (homo sapiens) деп аташты. Кроманьондордун тукумдары коомдук-маданий жактан бир кыйла алдыга илгерилеп, үй-бүлө күтүшөт, мал багып, эгин ай-доону да өздөштүрө баштайт. Алгачкы адамдар жүз миңдеген жылдар мурда жашашкан. Ал кезде жазма пайда боло элек болчу. Ошондуктан алар өздөрүнүн тарыхын жазып калтырууга жарашкан эмес. Бирок окумуштуулар бул адамдар жөнүндө алардын жашоо-турмушунун издерин таш куралдардын калдыктарынан, анчылык кылышкан жан-жаныбарлардын жана илгерки ата-бабаларыбыздын сөөктөрүнөн, эң байыркы сүрөтчүлөр тарабынан үңкүрлөрдө тартылган сүрөттөрдөн тапкан. Кыргызстандын аймагында байыркы адамдарга таандык таш куралдар, тургун жайлар Борбордук Теңиртоодо - Он арча өзөнүнүн боюнда, Чыгыш Ферганада - Кожо бакырган сай өрөөнүнөн, Ысыккөлдөгү Тосор суусунун жээгинен, Ош аймагындагы Селүңкүр, Учкун аттуу үңкүрлөрдөн жана башка жерлерден табылган. Сарыжаздагы (Ысыккөл), Акчуңкур үңкүрүнөн эң байыркы аска бетиндеги кишинин, буканын, эчкинин, жыландын, күндүн сүрөттөрү сакталып калган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)