Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Александр Невский (1220-1263)

Мындан 700 жылдай мурда Нева дарыясынын жээги, азыркы Санкт-Петербург шаары жайгашкан жер, эл жок ээн жатчу. Бирок 1240-жылы 15-июлда кылыч менен калкандын шаңгыраган үндөрү эчен кылымдардан бери келе жаткан бейкуттукту бузуп жибергендей болду. Мына ушул окуя болордон бир аз мурда дал ушул саздуу жээкке шведдердин кемелери келип токтошкон. Андан көп сандаган аскер түшкөн. Душмандар орус элинин монгол-татар эзүүсүнөн алсырагандыгынан пайдаланышып, Руска түндүктөн кол салууну чечишкен. Швед аскерлерине королдун жакын тууганы - атактуу рыцарь Биргер командачылык кылган. Баскынчылар жеңишке оңой-олтоң жетишерине ишенишкен болчу. Бирок кaпысынан токойдон атып чыккан орустун эркин шаары улуу Новгороддун жоокерлери шведдерди качырып октой тиет.

Кошуунга жетекчилик кылып келген жыйырма жаштагы князь Александр Ярославич эле. Орус жоокерлеринин каршылык көрсөтүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан шведдер баш аламан түшүп, кээ бирлери лагерине, айрымдары кемелерин көздөй чегине баштайт. Бирок артынан сая түшкөн орустар кылыч менен кырып киришет. Биргердин айланасына топтолгон шведдер каршылык көрсөтүүнү уланта беришет. Ошондо князь Александр Ярославич өзү күлүк аты менен алардын артынан кууп жөнөйт. Биргерди найза менен сайып түшүрөт. Шведдер чакчелекей түшүп кача башташат.

Неванын боюндагы даңктуу жеңиши үчүн орус эли князь Александрга Невский деген ат коёт. Бирок князь Александр негизги эрдикти андан эки жыл өткөн соң, орус жерин жаңы жоо - немец рыцарлары басып кирген мезгилде, немецтердин буту баскан жерлердин бардыгы өлүккө толуп, үйлөрдүн күлү көккө сапырылып калчу. Рыцарлар муну кудайдын буйругу менен жасап жатабыз дешип, калкандарына кресттин сүрөтүн кадап алышкан. Князь Александр өз аскерлери менен крестчендердин алдынан тосуп чыгып, аларды Чуд көлүндө муз үстүнөн күтөт. Бул жерде 1242-жылы 5-апрелде чоң салгылашуу болот. Бул окуя "Муздагы салгылашуу" деген ат менен тарыхка кирген.

Соот жана келишкен туулга кийип, аттын мыктысын тандап минишкен крестчендер адамдын үрөйүн учурган күчтүү жоо болгон. Бирок рыцарлар орустарга чабуул койгон кезде, жаш князь өзүнүн негизги күчү менен аларга арт жактан сокку урган. Ошондо курал-жарактары оор крестчендер кайра артка бурула алышпай, орус кылычтары менен найзаларынан жерге сулашкан. Жукарып калган жазгы муз жарылып, крестчендердин көбү сууга да чөгүп кетишкен. Ошентип, орус аскерлери немец рыцарларынын таш-талканын чыгарышкан. Александр Невский атактуу кол башчы болуу менен бирге келечекти көрө билген акылман башкаруучу да болгон. Ал монгол-татар баскынчыларына карата башкача саясат жүргүзгөн. Ал акырындык менен күч топтоп, андан соң, убактысы келгенде душманды талкалап, өз жеринен кууп чыгууну көздөгөн. Улуу Атамекендик согуш жылдарында Советтик Армиянын өтө мыкты офицерлери Александр Невский ордени менен сыйланышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)