Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алдаш молдо

Баш барак | Биографиялар | Алдаш молдо

Алдаяр Жээнике уулу (1874, Ак-Кочкор айылы, азыркы Жети-Өгүз районунун аймагы —1930, ошол эле жер) - кыргыз эл агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын; «замана» агымынын өкүлү. Жардынын үй-бүлөсүнөн. 19-кылымдын 90-жылдары Каракол шаарындагы медреседен окуган. Аны бүткөндөн кийин айлында көчмө мектеп уюпггуруп, балдарды окутууга киришкен (1904—06-ж.). Октябрь рев-ясынан кийин 1919-жылы Жети-Өгүздүн Талды-Булак коктусунда мектеп ачкан. 1921—22-жылы Алматыдагы кызыл мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп, мугалим болуп эмгектенген. 1905-жылы «Шайлоо» аттуу поэма жазып, анда бийлөөчүлөрдүн болуштук талашып чабышып, чыгымын элге тарттырып, калкты бүлүнткөнүн ашкерелеген. «Баракан жөнүндө баян» (1912) аттуу чыгармасы да эзүүчүлөргө каршы багытталган. Алдаш Молдонун көрүнүктүү чыгармаларынын бири -«Хал заман» (1914). Анда Кыргызстан Россияга бириктирилгенден кийин кыргыз жергесинде болуп жаткан тарыхый кырдаалдарга ой жүгүртөт, коомдун өнүгүүсүнө Россиянын тийгизген таасирин, прогрессивдүү жактарын көрсөтүүгө аракеттенет. Ошону менен катар падыша өкмөтүнүн колониялык саясатынын тескери жактарын, орус чиновниктери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биригип, калкты эзип жаткандыгын да көрсөтөт.

1916-жылы «Үркүн» аттуу көлөмдүү поэма жазып, анда кыргыз элинин муң-зары бир кыйла реалдуу сүрөттөлөт. Алдаш Молдонун ырлары эл арасында колдон колго өтүп окулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 3265, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу