Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

албырып шаттык жузундо

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | албырып шаттык жузундо

Созу К. Алтазбековдуку

Обону Ж Шералиевдики

Бар бекен эсте баягы,

Бак чети айыл аягы.

Кун чыга ишке бараттык,

Куч алып шаттык баяны, баяны,

Жылдызы жанса мандайда,

Жыргабай турган жан кайда.

Демейде бир топ узун жол,

Дегеле кыска андайда.

Айталбай сырдын туголун,

Ачышып кетти журогум.

Кыйылып турдун, мени аяп,

Кылчактап аппак Чурогум.

Ишине калдын кайрылып,

Ич сыздап аран, айрылып.

Кызматка кеттим мен дагы,

Кыскарган жолго кайгырып.

Андан сон, кордум кузундо,

Албырып шаттык жузундо,

Шаа жетпей турган кези экен.

Как ийип бышкан жузумго,

Байкалбай коп эл жайнаган,

Башталды сырлар кайрадан.

Гулдоткон суйуу бутагын,

Гул турмуш сенден айланам.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4815, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо