Алаңкөз уулу Ысмайыл

Алаңкөз уулу Ысмайыл (1906-1988) Уста. Таластын башы көпүрө Көпүрө-Базарды Саруу уруусунан чыккан. Каракол айыл чарба артелине биринчилерден болуп катталып, чарбада дыйкнчылык кылган. Замандаш Ысмайыл уулу Касымдын эскерүүлөрүндө Ысмайыл кол өнөрчүлүктүн темирчиликтен башка түрлөрү менен кармаган. Ээр чапкан, сынпостогон. Ат жабдыктарынын бөлүктөрүн (жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан камчы) кайып да, өрүп да жасаган. Өрүмдөрү башка өрүмчүлөрдөн ("беш кашка өрүм", "жети кашка өрүм" ,"жон өрүм" ,"жылан боор өрүм") анча айырмаланбаган. Бирок, кайышты ийлөөдө, тилүүдө, көктү жасоодо анын кылдаттыгы баамдалып турат. Боз үйдүн жыгачын да кармаган. Анын колунан жаралган буюм-тайымдар ал жашаган аймакта кеңири таралган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)