Алангар геноним

Алангар - генеалогиялык маалыматтар боюнча дөөлөс уруусундагы айтамга уруктар тобунун түпкү атасынын аты. Геноним.

Аланго - монгол мифологиясында бул элдин түпкү энеси катары эрте орто кылымдардардагы жазма маалыматтардан белгилүү. Аланго жана Бортечино жөнүндөгү уламыштар монгол элдеринин фольклорунда кенен чагылдырылат. Мындан сырткары, бурят-монгол тилдеринде Оло(н) - "көп", "көптөгөн", "сансыз" маанисин, ал эми "гар" - кыргыз тилине "кол", "колдор" деген маанилерде которулат. Демек, этникалык аталыштын (алап + гар) "көп сандуу", "сансыз көп уруу, эл, уруулук топ, канат" маанисинде чечмелениши мүмкүн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)