Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алагушов Балбай

Баш барак | Биографиялар | Алагушов Балбай

(1936-жылы туулган, Тоң району, Ак-Сай айылы) - кыргыздын туңгуч музыка изилдөөчүсү. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери (1990). КМУнун филология факультетин (1959), М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын (1973) бүтүргөн. 1959—65-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде бөлүм башчы, Кыргыз радиосунда, «Мектеп» басмасында музыкалык редактор. 1965—85-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Филос. жана укук институтунун эстетика жана өнөр таануу секторунда илимий кызматкер. 1985жылдан «Кыргызстан», «Адабият» басмаларында өнөр адабияты бөлүмүнүн башчысы. Эмг. кыргыздын элдик жана профессионал музыкасынын тарыхына, көрүнүктүү музыкалык ишмерлеринин чыгармачылыгына, жалпы улуттук музыканын өнүгүшүнө жана башкалар арналган.

А. кыргыздын элдик жана профессионал музыкасы боюнча 20дан ашык монография, брошюра, жыйнактардын жана окуу китептеринин («Ырдоо», «Музыка», 5—6,7—8-кл. үчүн), көптөгөн очерктердин (300), сын жана илимий макалалардын автору. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1983). Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 437, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу