Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ала-тоо

Кыргыз жергеси, кыргыз тоолору Ала-тоо деп аталат. Анткени, эл биз мекендеген аймак тоолуу келип, жылдын ар мезгилинде башынан ак кар, көк муз кетпеген тоо чокулары көрүнүп турат. Ала-тоого арналган ырларда "ак элечек кийген же ак калпак кийген тоолор" деген элестүү саптар да кезигет. Акын Жоомарт Бөкөнбаев "Жайы-кышы кетпеген, кары сонун Ала-тоо" деп сүймөнчүлүк менен мүнөздүү сүрөттөгөн. Ошентип, биз турмуш-тиричилик өткөрүп, жашап жаткан мекенибиз, Алатоонун жаратылышы бай жана ар түрдүү. Ак кар жамынган тоолору, көк майсаң жылга-жыбыт, өрөөн-өрүштөрү, чамынып аккан дарыялары, көк кашка тунук көлдөрү, түрдүү жапайы жаныбарлары менен канаттуулары, арча, карагайлуу, жаңгактуу токойлору жана табигый кен байлыктары - Ала-тоонун түгөнгүс берекеси. Жайыттарында төрт түлүк мал жайылып, мелтиреген талааларында эгин, пахта, жашылча-жемиш жайкалат. Элибиздин сыймыгы болгон Ала-тоонун аты менен көптөгөн уюмдар, маданий жайлар аталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)